Экс-президент Роза Отунбаева журналист Майраш Базлакуновага маек куруп, өлкөнүн учурдагы кырдаалына байланыштуу өз позициясы тууралуу айтып берди. Ал Садыр Жапаров жөнүндө эмне билерин, Өмүрбек Текебаевдин таасири жана Райымбек Матраимовдун ролу тууралуу сөз кылды.
Отунбаева Кыргызстан мамлекет катары калыптануу жолунун башында турат, ал эми партиялар жок саясат мүмкүн эмес деп эсептейт. «Клооп» Отунбаеванын ой толгоосун кыскача баяндап берет.
Өлкөдөгү абал тууралуу
Кыргызстан азырынча укуктук нукка түшө элек. Болбосо дүйнө коомчулугу өлкөнү качан эле таанымак. Кыргызстан азыр оор саясий кризисти башынан өткөрүп жатат.
Президенттин милдетин аткаруучу жана мурдагы премьер-министр Садыр Жапаров учурда президентикке талапкер болуп отурат. Өзүнүн бийлигин күчөтүү үчүн Конституцияны биринчи орунга коюп, болгон күчүн жумшап жатат. Мен бул туура эмес деп ойлойм. Жаңы Конституциянын иштеп чыгуу жана кабыл алуунун өзүнүн эрежелери бар.
Бардык бийлик колунда турган киши биринчи кезекте элди, экономиканы жана пандемияны ойлонушу керек болчу. COVID-19 жуктуруунун туу чокусу январга, президенттик шайлоо өтө турган убакка туура келет деп божомолдонууда. Жапаров шайлоого катышып, утуп чыгып, андан кийин деле ойлогонун ишке ашырса болмок.
Бакиевдин адамдары тууралуу
Азыр Бакиевдин адамдарынын баары баш көтөрдү: журналисттерди өлтүргөндөр, бизди куугунтуктагандар. Алар УКМКдагы чоң кызматтарга отурушту, кайсыл органды алба, бардык жерде Бакиевдин учурунда иштеген адамдар келишти.
Мисалы, «Манас» аэропортун жетектеген Сыдыковдун уулу [Үсөн Сыдыков, Курманбек Бакиевдин кеңешчиси]. Муну баары көрсө дагы көрмөксөн болуп жатышат. Ошол режим кайтып келди, биз болсо эчтеке болбогондой, байкамаксан болуп отурабыз.
Садыр Жапаров тууралуу
Мен ал жигитти жакшы тааныбайт экем, ал киши менен абдан аз жолуккам. Мен президент болуп турганда эжесинин маселесин көтөрүп келген, Мегаком боюнча туура эмес болуп жатат деп. Мен материалдарын көрүп чыксам «Ысык-Көл Инвест Банк» жана «Азия Универсал Банк» аркылуу көп суммадагы акча чыгарылып кетиптир. Мындай жагдайда эч нерсе кыла албайбыз деп айткам.
Саясатчы катары деле сыртынан тааныйм. Бирок, 5-6 жылдын аралыгында масс-медиа жана социалдык тармактар аркылуу адамдардын аң сезиминин үстүнөн катуу иштегени көрүнүп турат. Масс-медианын канчалык маанилүү экенин түшүнгөн. Ал Беларуста дагы жүрдү, булардын лидери жана идеалы деп аталып жүргөн Курманбек Бакиев дагы ошол жерде жүрөт.
Эми өзү технологиялардын зор маанисин түшүнгөндөн кийин Кыргызстанды IT- өлкөгө айландырса болмок. Элдин ишеними алтындан кымбат. Эгерде ал шайлоодо ушул ишеним кредити менен утуп чыкса, бул ишеничти актоо үчүн бардык күч-аракетин жумшашы керек.
Эл эч убакта айылдык же шаардык, сабаттуу же сабатсыз деп бөлүнбөшү керек. Андан көрө утуп чыккан президентти колдоп беришибиз зарыл, анткени бул биздин өлкө. Ушул тапта Кыргызстандан сыртка чыгып кеткендер көбөйдү, бул адам алардын жагдайын түшүнүп, өлкө ичиндеги өнүгүүнүн келечегин таанытуусу керек.
Беларусь тууралуу
Биз Беларусь менен тыгыз байланыштабыз: биз бирге ар кайсы союздардын курамына киребиз, Беларустун сүтүн ичебиз. Күн сайын радио боюнча Беларустан жаңылыктарды берип жатышат, ал жакта биздегидей 200 киши эмес, 200 миң адам көчөгө чыгып жатат.
Ал жакта 4 айдан бери бир автократтын режимин бузуп, аны кууп чыгара албай жатышат. Ал жакта катуу карама-каршылык болуп жатат: канча деген адам түрмөгө отургузулду, канчасы кыйноого алынып жатат, канчасы аргасыздан өлкөдөн чыгып кетишти.
Ал эми бул жакта советтик адамдар парламентаризм жаман, Кыргызстанга ылайык келбейт, автократия — бир адамдын режимин — куруш керек деп жатышат да, Конституцияны өзгөртүүгө шашып жатышат.
Мен эмне үчүн элибиз оңго-солго карабайт, эмнеге бат эле унутуп калабыз, эмнеге өткөндү эстебейбиз деп таң калам.
Референдум тууралуу
Биринчиден, эгерде референдум болсо эл кандай жооп берет билбейбиз. Эл парламенттик башкарууну деле тандашы мүмкүн. Жакында эле жаш саясатчылар менен жолуксак, алардын баары парламенттик башкарууну колдошот экен. Алар Кыргызстандын төрт бурчунан келген жаш саясатчылар экен, алардын ичинде айылдык кеңештин депутаттары, активисттер бар. Биз сүйүндүк, прогресс, аң сезимдин өзгөрүшү деген ушул экен да.
Конституциялык кеңешмеде абдан эле улгайган адамдар олтурушат дагы, баягы эле маселелерди көтөрүп жатышат. А чынында биз Конституцияны келечек муун үчун жазып жатабыз да, алардын пикирин дагы эске алышыбыз керек да.
Партиялык система тууралуу
Бүгүнкү күндө партиялык системага көп нааразычылыктар айтылууда. Биздин партиялар ашып кетсе 30 жыл мурда түзүлгөн, ал эми Европадагы эң улгайган партия — Германиянын Социал-демократиялык партиясы жакында 160га чыгат. 160 жыл менен 30 жылдын ортосунда айырма бар да.
Бардык Европа өлкөлөрү бир күндө эле өнүккөн, гүлдөп жаткан өлкө болуп калды деп ойлобогула. Ошол эле Австрия, биринчи дүйнөлүк согуштан кийин австрия-венгриялык монархия жок кылынгандан кийин алар бир аз убакыт демократияда жашап калышты. Бирок, 1933-жылдан баштап аларга фашизм келди. Алар анын астында 1945-жылга чейин жашап, анан кайра демократияга кайтып келишти. Ар бир өлкө өз тарыхында көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрөт.
Биз партияларга убакыт берген жокпуз, кыргызча эле бир лидерге байланып калдык. КСДП сыяктуу тарыхы бар партия бир кишиге байланганы үчүн талкаланып калганына өкүнөм. Мындай болбошу керек. Партияга акчасын берип, аны өстүргөн киши деле пенде экен да, ал деле ката жасайт экен, ал деле бир күнү мыйзамга каршы чыгат экен.
Партияны куруу — бул абдан чоң жана маанилүү иш. Биз аны улантып кетишибиз керек. Дүйнө жүзү боюнча партиясы жок саясатчы болбойт: чыгыш жана батыш өлкөлөрдүн бардыгында партиялар бар, ал тургай Орусияда жана Казакстанда да бар.
Жаштар эскилердин баары бийликтен кетишин каалайт, анда алар партияларды куруп башташы керек. Партия түзүп, аны бутуна тургузмайынча алар саясий жеңиштерге жетише алышпайт.
Эгер парламент президентти шайлай турган болсо, ал оюнчук эле болуп калат. 120 депутат президентти Анжыян полькасын бийлетип коёт да. Биз андай деңгээлге жете элекпиз. Ал үчүн күчтүү, көз карандысыз, өз саясаты үчүн жооп бере алган партиялар керек.
Башка өлөлөрдүн тажрыйбалары тууралуу
Конституциялык кеңешменин талкуулоосунда бизде маалымат аз экени, баары божомолдоп эле жатышканын белгилүү болду. Биз мындай маселелерди [юридика илимдеринин доктору, конституциялык мыйзам боюнча адис] Сания Токтогазиева сыяктуу дыкат изилдешибиз керек.
Элчиликтердин баары Кыргызстандын өкүлү болуп барган өлкөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөнүп, ошону бизге киргизиши керек. Анткени азыр кыргыздар өздөрү чыгарган эч нерсе жок да: биз көтөрүп жүргөн телефондор, машиналар, камералардын бардыгы башка өлкөлөрдөн келет. Батышты айыптоону токтотуп, үйрөнүп башташыбыз керек.
Райым Матраимов тууралуу
Матраимовдун күнөөсү тоодой чоң, бул ачык күндөй эле белгилүү. Анын баарын Жээнбеков факты бергиле деп гана жутуп олтурду. Үч абдан чоң ЖМК иликтөө даярдап берди, толтура материалдар келип түштү. Бул коррупциялык схема Атамбаевдин убагында болдубу же Жээнбековдун убагында болдубу деген маанисиз талкууга айлантып жатышат.
Экөөнүн тең убагында болду. Жээнбеков деле Атамбаевдин алдында канча жыл премьер болду. Ошол кездерде, өзү үч жыл президент болуп отурганда болду. Атамбаевдин учурунда дагы болду. Кыргызстан ушундай бир ажыдаарды өстүрдү. Мына Американын элчиси биринчи жолу Матраимовду түрмөгө отургузду деп Жапаровду мактап жатат. Матраимов эл аралык масштабдагы чоң фигурага айланып жатат.
Ушундай адамды түрмөгө эмес, үй камагына чыгарышты — мынчалык бай адамдын үйү беш жылдыздуу болушу керек. Айдын аягына чейин 2 млрд төлөп берет деп жатышат, азырынча көрө элекпиз.
АКШ Райымбек Матраимовду санкциялык «Магнитский тизмесине» киргизди
Жээнбеков тууралуу
Жээнбековдун эң эле чоң кемчилиги, кыргыз өлкөсү үчүн мен жооптуумун, милдеттерин мойнуна алып жатам деп ант берген киши Кыргызстанды бир жээкке чыгарышы керек болчу. Биздин айткан сөздөрүбүздүн маңызы деле ошол, президенттик, парламенттик шайлоону өткөрүп анан кетиңиз дедик. Бирок ал киши өлкөнү ушундай башаламандыкка жеткирип анан кетти.
Мына Отунбаева, Текебаев деп күнүгө радиодон айтып жатышат. Биз өлкө туңгуюкка жетип калбасын деп эле эскертип жатабыз. Ошо биздин айтканыбыз эле туура чыгып жатат. Конституция ошол бойдон өтүп кетсе, биз кайда болот элек? Ушунун баарын түшүнүп, билгенден кийин Жапаров аларды токтотуп, Конституциялык кеңешмени түзүп жатпайбы. Демек, биздики туура, аркабызда калың эл деп күчкө салбай, акылдашып иш кылганыбыз туура экен да?!
Текебаев тууралуу
Мен Текебаевдин терс жактарын дагы билем, көп жаңылыштыктары дагы болгон. Ал 30 жыл, узак убакыттан бери саясий ишмердүүлүк жүргүзүп келе жатат. Бул саясаттан качан кетет деген суроолорду беришет, бирок эл анын партиясын шайлап атса, укук боюнча келип жатканы мыйзам ченемдүү иш.
Текебаевдин күчтүү жагы: эң бир сабаттуу, мыйзамдарды жазган. Азыр деле келип парламенттеги ишмердүүлүгүн жарым жылга узартып койбодубу. Анын бир эле сөзү, үнү ушунчалык салмактуу экен да. А жанагылардын баары 120 болсо деле, эчтекеге жарабайт экен да, чынын айтканда. Башкача ат деле бербей коёюнчу ушуларга.