«Мекеним Кыргызстандан» талапкер болгон депутат «Манас» аэропортун жетектейт

Сыдыков

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон парламенттин депутаты Бактыбек Сыдыков «Манас» эл аралык аэропортуна жетекчи болду. Бул тууралуу «Клоопко» аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.

Курбанова мурдагы жетекчи жумуштан «өз каалоосу менен» кеткенин айтты.

Сыдыков Жогорку Кеңешке «Республика - Ата-журт» фракциясынан шайланып келген. Ал парламенттик шайлоого Матраимовдор кланына таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Тизмеде №22 орунда болгон.

Бактыбек Сыдыков 50 жашта, Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Ал Москвадагы мамлекеттик технологиялык университетинде «инженер-механик» кесибин аяктап, эмгек жолун 1994-жылы кыргыз-казак биргелешкен TriO-B ишканасында башкы директор болуп баштаган.

Ал эми мамлекеттик кызматка 2005-жылы финансы министринин кеңешчиси болуп келген. Ошол эле жылдан тартып 2007-жылга чейин «Манас» аэропортунда коммерциялык маселелер боюнча вице-президент болгон.

Ал эми 2007-жылдан 2010-жылга чейин «Манас» аэропортун жетектеп турган.

Ошондой эле ал 2000-жылдан 2001-жылга чейин «Кыргыз-Дан-Азык», 2001-2005-жылдары «Кыргыз-Дан» компанияларын жетектеп, 2011-жылдан 2015-жылга чейин «АККА компаниялар тобунда» директорлор кеңешинин төрагасы болгон.