Ысык-Көлдө эки жолу үйлөнгөн киши 16 жаштагы кыз менен никеге турган деген маалыматты милиция териштирүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну 16 жаштагы кыз менен нике кыйдырып алганын укук коргоочу Камил Рузиев 21-декабрда твиттер баракчасына жарыялады. Кыргызстанда мыйзам боюнча жашы жете элек жарандардын үйлөнүүсүнө тыюу салынган.

* Жогорку Кеңеш 2016-жылы жашы жетпегендерге турмуш курууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, 18 жашка чейин үйлөнүп же турмушка чыккандарга, нике кыйгандарга жана аларды мажбурлап турмушка берген тараптарга жоопкерчилик каралган. Бул үчүн күнөөлүү деп табылгандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

«Эки жолу үйлөнгөн тургун “нике” аркылуу турмуш курууга жашы жете элек кыз менен үйлөндү. Коңшуларына кыз өз макулдугу менен турмушка чыкты деп айтышкан. Тийиштүү кызматтар азырынча үн ката элек. Кыздын укугу бузулуп жатат», — деп жазган Рузиев.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан жаш өспүрүм менен никеге турган адамдын өздүгү аныкталгандыгын маалымдашты. Ведомствонун пресс-релизинде ал аталган облустун Ырдык айылынын 36 жаштагы тургуну экендиги жазылган. Анткен менен ал жаш өспүрүм менен «никеге» тургандыгын төгүндөгөн.

«Тургун алгачкы көрсөтмөсүндө ушул жылдын ноябрь айында айылдашынын үйүндө ремонт иштерин жүргүзгөн. Үйдүн ээси аны 16 жаштагы кызы менен таныштырганын, кийинчерек ал кыз менен уюлдук телефон аркылуу кээде сүйлөшүп жүргөндүгүн билдирген», — деп жазылган билдирүүдө.

Жаш өспүрүмдүн атасы мындан төрт жыл мурун каза болуп, анын бир тууган агасы мыйзамдуу камкорчусу болуп калган. Ошондой эле, «никеге» турду делген кыз да, анын агасы да «нике» аркылуу турмуш курду деген маалыматты ырысташкан эмес.

Укук коргоочунун билдирүүсү боюнча Жети-Өгүз РИИБинин Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын октябрында Жалал-Абад облусунда жашаган 44 жаштагы киши жашы жете элек кызга үйлөнгөндүгү үчүн кармалган. Нике кыюу аземи Ош шаарында өтүп, кийинчерээк ал кызды өзү жашаган облуска алып кеткен.

Маалымат милицияга келип түшкөндөн кийин, ал Талас шаарына качып кеткен. Ал арада кишинин аялы жана эки баласы бар экендиги белгилүү болгон. Ал аялы менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмес, ал эми өспүрүм кызга үйлөнгөн учурда аны менен жашабагынын айткан.