УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Маданият министрлигинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу схемасынын бетин ачты. Ага ылайык, тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен имараттар жана аларга тиешелүү жер тилкелери жок кылынып турган.
УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, эпизоддордун бири 1931-жылы курулган Бишкектин борборундагы «Эркин-Тоо» басмаканасынын имаратын бузууга байланыштуу.
Имараттын тарыхый баалуулугу бар болчу: бул алгачкы ири кыргыз басмаканасы жана басма үйү болгондон тышкары, Улуу Ата мекендик согуш жылдарында ушул имаратта легендарлуу Панфиловчулар дивизиясы түптөлгөн.
2002-жылдан бери имарат Кыргызстандын Республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер мамлекеттик тизмесине кирген. Бирок УКМКнын версиясы боюнча, 2015-жылы «Эркин-Тоо» ААКнын акционерлери мыйзам бузуп, Маданият министрлиги жана куруучу комапниялардын биринин кызмат адамдары менен кылмыштуу келишимге барган.
Алар имаратты республикалык маанидеги мамлекеттик тарыхый жана маданий эстеликтер тизмесинен чийдирип салышкан.
«Азыркы убакта теишелүү тергөө амалдары жүрүп, «Эркин-Тоо» ААКнын имаратын кайрадан республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине кайтаруу аракеттери көрүлүп жатат», — деп билдиришти УКМКдан.
«Эркин-Тоо» басмаканасынын имараты тууралуу дагы эмнелер маалым?
Имарат Тыныстанов, Киев, Эркиндик бульвары жана Чүй проспектиси менен чектелген жер тилкесиндеги «алтын тилкеде» жайгашкан.Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары бул имарат акциясынын 80%дан ашыгы мамлекетке тиешелүү болгон «Эркин-Тоо» акционердик коомуна карачу. Бирок 2001-жылы ошол кезде Каныбек Иманалиев жетекчилик кылган Кыргызстандын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестиция тартуу мамлекеттик комиссиясы акциянын 40% топтомун сатып жиберген. Андан соң калган 40%ы сатылып жок болгон. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда мамлекеттик комиссия акционердик коомдун ээлеринин бири болгон.
Көп өтпөй 2002-жылы имарат Кыргызстандын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер тизмесине киргизилген. Мыйзам боюнча, аны бул тизмеден өкмөт гана чыгара алмак.
Бирок 2015-жылы имарат республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер тизмесин чыгарылган. Маданият министрлиги бул чечимди имаратты калыбына келтирүү мүмкүн эместиги жана адамдар үчүн коопту жайга айлангандыгы менен түшүндүргөн.
«Бишкек башкы архитектура» ишканасы имарат сүрдүрүлгөндөн кийин дароо эле анын ордуна башка курулуш орун аларын билдирген.
«Бул жерде коммерциялык жана турак-жай блоктору, анын ичинде авто токтотмо жайы бар 10 кабаттуу мейманкана комплексин куруу пландалууда», — деп билдиришкен «Бишкек башкы архитектурадан».
Бирок бул имараттагы кызыл китеби бар эки орун жайдын ээлеринин экөөсү аны сүрдүрүүгө каршы чыгып, сотко кайрылып, «Эркин-Тоо» ААКнын ээлери менен соттошуп келишкен. Сот бир нече жылдарга уланган.