Бишкектин борборунда «Эркин-Тоо» басмаканасы сүрдүрүлө баштады

Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан басмакананын мурдагы имаратын сүрдүрүү 9-октябрда башталды.

«Бул жерде коммерциялык жана турак-жай блоктору, анын ичинде авто токтотмо жайы бар 10 кабаттуу мейманкана комплексин куруу пландалууда», — деп билдиришти «Бишкек башкы архитектурадан».

«Эркин-Тоо» басмаканасынын имараты 1931-жылы курулуп, союз маалында ал жакта газета жана журналдар чыгарылып турган.

«Эркин-Тоо» Кыргызстандандагы алгачкы басмакана болгон, ал эми Улуу атамекендик согуштун учурунда имаратта Панфилов дивизиясы да түзүлүп, ошол жерден аскерлер бекетке барып, андан ары фронтко аттанып турушкан.

Кийинчерээк имарат архитектура эстелиги деп табылып, бул макам 2015-жылга чейин сакталган. Андан соң маданият министрлиги басмакананын имараты «архитектуралык баалуулугун жоготкон жана калыбына келтирүүгө жатпайт» деп билдирген.