КТРК жана ЭлТР мамлекеттик телеканалдарында Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өтө турган өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдагы үгүт топторунун теледебаттары өтүп жатат. Кыргызстандыктар үч вариантка гана добуш бере алат: президенттик, парламенттик жана эки вариантка тең каршы.
Үгүт топторунун арасынан 5 түрү катталган: президенттик үчүн, парламенттик үчүн, президенттикке каршы, парламенттикке каршы жана эки башкаруу формасына тең каршы.
Президенттик башкарууга каршы
Президенттик башкаруу формасына каршы үгүтчү топтун жетекчиси, экс-депутат Бактыбек Калмаматов президенттик башкаруу формасы «адамды кыргандан, кулчулук мүнөздү калыптандыргандан башка эч бир саясий мүнөздү калыптандыра албайт» деп эсептейт.
«Президенттик башкарууга кайтуу – бул реваншисттик саясат. Бул – Акаевдин маалында Аксыда эл, Бакиевдин убагында апрель окуясында 100 бала туура атылган дегенге барабар. Жээнбековдун маалында Үмүт [октябрдагы баш аламандыктарда каза болгон жигит] туура атылган деп моюнга алганга тете», — деп белгиледи ал.
Ал октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин «мыйзамсыз аракеттери, өзүм билемдик, өзүм гана чечем деген саясаты – бир адамдын колуна абсолюттук бийлик берүүгө болбой турганынын даана далили» экенин баса белгиледи.Калмаматов парламенттик система «бийликте тааныш-билиши жок», бирок идиреги бар билимдүү жаштардын бийликке келишине аз да болсо жол ачарын түшүндүрдү.
Анын ою боюнча, президенттик башкаруу маалында болгон кан төгүүлөр кайталанбашын каалагандар референдумда «каршы» добуш бериши керек.
Бактыбек Калмаматов парламенттин алтынчы чакырылышынын аракеттерине карата дагы сындарга жооп берип, 120 депутаттын ичинен 90у коррупционер, криминалдын өкүлдөрү жана олигарх болуп чыкканына жана алардын админресурс колдонуп бийликке келгенине парламентаризмдин күнөөсү жоктугун айтты.
«Ага дал ошол партияларды сүйрөп келген президенттер күнөөлүү. Акаев “Алга Кыргызстанды”, Бакиев “Ак Жолду” ушинтип алып келип өздөрү да, партиялары да жок болду. Ошентип КСДПны алып келген Атамбаев түрмөгө түштү. “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстанды” сүйрөп келген Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетти», — деди ал.
Калмаматовдун пикиринде, бардык бийликтин бир колго топтолушу «эч качан жакшылык алып келген эмес». Андыктан, мамлекетти сактап калуунун жалгыз жолу – бул парламентаризм, плюрализм жана пикирлердин көп түрдүүлүгү.
Парламенттик башкарууга каршы
Парламенттик башкаруу формасына каршы үгүт тобунун башчысы Мыктыбек Тилек уулу, Кыргызстандын экономикасынын өйдөлөй албай жатышын өлкөдө премьер-министрлердин тынымсыз алмашып жатышы менен байланыштырган. Ошондой эле, парламентке өтүп келген депутаттар өз кызыкчылыктарын ойлоп министрлик менен ведомство жетекчилерин дайындоону бизнеске айландырып алышкан.
Ошондой эле ал көптөгөн депутаттар бир аз кысым болсо «дароо соодалашууга, партияны алмаштырууга» даяр экенин, айрымдары 3-4 партия которуп жибергенин айтты.
«Партиянын идеологиясы, карманган багыты болот. Бизде ал жок да. Биз Европа өлкөлөрүн мисал кылганды жакшы көрөбүз. Алардын тарыхын карасак партиянын мүчөлөрү, депутаттар партиянын идеологиясы үчүн куугунтукталып, түрмөгө отуруп аягына чейин өз оюнан тайган эмес», — деди Мыктыбек Тилек уулу.
Парламенттик башкаруу формасына каршы дагы бир үгүт тобунун жетекчиси Дариякан Шабданова жарандар 10 жыл бою 120 депутатты багып келишкенин, бирок алардан майнап чыкпаганын билдирди.
«Акыркы эле пандемияда алар өз элине жакшылык кылган жок. Аткарган иштеринен аткарбаганы, жакшысынан жаманы көп болуп кетти. Биз кайсы депутаттан эмнени талап кылышты билбейбиз. Себеби, партиялык тизме менен мандат алыш үчүн соодалашып жүрүшөт», — деп айтты ал.
Анын пикиринде, парламентке компетенттүү адамдар келе албай жатат, себеп дегенде алардын буга акчасы жок, ал эми акчасы барлар депутат болуп келген. Анын айтымында, «ошол акчалуулар карапайым эл менен эсептешкен жок».«Парламенттик башкаруу бизди жүдөттү. Жоопкерчилик жок. Канча деген премьер-министрлер отчёт бербей, жооп бербей кетип калды», — деди Шабданова.
Баарына каршы
Эки вариантка тең каршы үгүт тобунун башында турган жарандык активист Азият Жекшеев өз сөзүндө, 2010-жылы кабыл алынган Конституциядагы бардык жаңычылдыктар кагазга да гана калып, иш жүзүндө өлкөнү толугу менен президент башкарып жатканын баса белгиледи.
«Абсолюттук президенттик башкарууга умтулган жана аны жактагандардын логикасына түшүнбөй турам. Биз иш жүзүндө 29 жылдан бери президенттик башкарууда жашап келдик. Ал башкаруу кандай экенин көрдүк. Эми ошону мыйзамдаштырып койгондон бир нерсе өзгөрөбү? Албетте, жок», — деди ал.
Жекшеев ошондой эле соодалашып, партия алмаштырууга даяр болгон депутаттар тууралуу Мыктыбек Тилек уулуна жооп берип, бул көрүнүшкө дагы президент күнөөлүү экенине токтолду.
«Ооба, аны билебиз, көргөнбүз. Бирок ага негиз болгон парламент эмес, президент болуп жатпайбы. Парламентке президенттин батасын алган партиялар келип атып ушундай абал жаралды», — деди Жекшеев.
Парламенттик башкаруу үчүн
Парламенттик башкаруу формасы үчүн үгүт тобунун жетекчиси, депутат Дастан Бекешев 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын эмне себептен толук иштебей жатканынын себептерин атап берди.
Анын пикиринде, эң башкы тоскоолдук болуп УКМК, Башкы прокуратура жана сот бийлиги президенттин көзөмөлүндө калгандыгы эсептелет. Президент аларды көп учурда өзүнүн саясий атаандаштарына каршы колдонуп келет.
Ал күч жана укук коргоо органдары бийликти сындагандарга кылмыш иштерин козгоп, аларды камап жаткандыктан, көптөгөн депутаттар өз оюн билдирүүдөн оолак болушарын белгиледи.
«2015-2020-жылдардагы парламенттик шайлоодо бүт партиялар, керек болсо оппозициялык партиялар да президентке кирип талапкерлердин тизмесин президент менен макулдашып чыгышкан. Президенттик башкарууда мына ушундай болот. Парламенттик республикада партиялар күчтүү болуп, эл партияга жана анын ичиндеги талапкерлерге добуш берет. “Биз парламенттик башкарууну көрдүк” деп айтышат. Андай эмес», — деди ал.Референдум
2021-жылдын 10-январында эл башкаруу формасын тандайт. Дүйнөдө көп эле аралаш башкаруу формалары бар, бирок Кыргызстандын бийлиги жарандарга экөөнүн бирөөсүн гана тандоону сунуштап жатат.
Эл мындан ары кандай республикада жашай турганын аныктап алууга тийиш —президенттик, парламенттик — же болбосо эки вариантка тең каршы добуш берүүгө болот.
Бул тема боюнча окуңуз: 10-январда референдумда элге кандай тандоо варианттары сунушталат? Түшүндүрөбүз
Референдум алдында үгүт жүргүзүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы 15 үгүтчү топту каттаган. Алардын ичинен 8и президенттик башкаруу үчүн чыгып жатса, ага каршы бир гана топ үгүт жүргүзүүдө. 3 команда мамтүзүлүштүн парламенттик башкаруу системасы үчүн добуш берүүгө үндөп жатат, бир топ ага каршы чыгууда. «Бардыгына каршы» варианты үчүн эки команда үгүттөөдө.Бирден ашык пункт белгиленген же толтурулбаган бюллетень жараксыз деп саналат. Эгерде шайлоочулардын тизмесине киргендердин 30%дан ашыгы добуш берсе шайлоо өттү деп эсептелет.
Өчүрүлгөн эфир
КТРКда 4-январда дебат өткөн, бирок түз эфирдин трансляциясы КТРКнын сайтында гана жүргүзүлгөн. КТРКнын YouTube каналында ал видео дагы деле чыга элек.
Мурдараак КТРК президенттикке талапкерлердин дебаттарынын видео-трансляциясын өчүрүп салган. 30-декабарда ага Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Жеңишбек Байгуттиев жана Абдил Сегизбаев катышкан.
КТРКнын YouTube каналындагы видео теледебат аяктары менен жеткиликсиз болуп калган. 31-декабрда видео телеканалдын Facebookтагы расмий баракчасынан жоголуп кеткен. Ал эми биринчи жана экинчи күндөгү дебаттардын видеолорун телеканалдын расмий баракчаларынан тапса болот.
УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев эфир учурунда атаандашы, президенттикке талапкер Садыр Жапаров тууралуу маалыматы бар экенин айткан. Ал Жапаровго кайрылып, 2001-2019-жылдар аралыгындагы иш-аракеттери жана качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышы боюнча бир катар суроолорун узаткан.
Дебаттын видео-трансляциясын өчүрүү соцтармактардын колдонуучуларынын жана Сегизбаевдин үзөңгүлөштөрүнүн нааразылыгын жараткан.
КТРК талапкерлердин дебатынын үчүнчү күнүнүн видео-трансляциясы маалымат сактагыч жарактан чыгып калгандыктан өчүп калганын билдирген. Телеканалдын маалыматына ылайык, бул нерсе видеону YouTube-каналга жогорку сапатта жүктөө учурунда болгон.Видео 2021-жылдын 4-январында калыбына келтирилген. Телеканалдын жетекчилигинин айтымында, жаңы жабдуу сатып алынып орнотулган.
«YouTube каналындагы үчүнчү күндөгү дебаттарды өчүрүүгө буйрук болгон жок. Биз бардыгын түз эфирде көрсөттүк. Эч кандай кысым болгон жок. Ошол күнү көрүүчүлөр көп болду, андыктан техникалык мүчүлүштүк болуп кетти. Биздин негизги сервер күйүп кетти», — деген телеканалдын жетекчисинин м.а. Бахтияр Алиев.