Cооронкулова БШКны сотко берди. Ал шайлоо жыйынтыгын мыйзамсыз деп таанууну талап кылууда

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова Бишкектин Административдик сотуна Боршайкомдун үстүнөн арыз жазып, комиссиянын кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу токтомун мыйзамсыз деп таанууну өтүнгөнүн билдирди.

Анын айтымында, БШК Садыр Жапаровду талапкер катары каттай алмак эмес, себеп дегенде анын соттуулугу жоюла элек, ошондуктан пассивдүү шайлануу укугуна ээ эмес.

* Жарандардын пассивдүү шайлоо укугу - Кыргызстандын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугу.

  • 2013-жылдын 29-мартында Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровго карата айыптоо өкүмүн чыгарып, күчөтүлгөн тартиптеги абакта жаза өтөсүн деп, 1,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2013-жылы 17-июнда Бишкек шаардык сотунун соттор коллегиясы өкүмдү жокко чыгарып, Жапаровду актаган.
  • Бирок, 2013-жылдын 6-августунда Жогорку соттун коллегиясы шаардык соттун Жапаровго карата актоо өкүмүн жокко чыгарып, ал эми Биринчи май райсотунун айыптоочу өкүмүн күчүндө калтырган.
  • Анткен менен Жогорку сот жети жыл мурун акыркы чечим чыгарганына карабастан, 2020-жылдын 16-октябрында Жогорку соттун көзөмөлдүк даттануу боюнча соттук коллегиясы бул иш боюнча кайра жаңы токтом чыгарган.

«Демек, Жогорку соттун 2020-жылы 16-октябрда чыгарган токтому юридикалык күчкө ээ деп эсептелбейт, себеп дегенде өз билемдик менен Конституцияны жана мыйзамдарды одоно бузуу аркылуу кабыл алынган, ачыктан-ачык эле мыйзамсыз мүнөзгө ээ, мамлекет токтомду жүгүртүүгө албашы керек болчу. Мыйзамдуу юридикалык күчкө ээ деп Жогорку соттун 2013-жылдын 6-августтагы акты эсептелет, ал боюнча Жапаров соттолгон деп эсептелет», — деп белгиледи Сооронкулова билдирүүсүндө.

Адвокат Нурбек Токтакунов дагы соттун бул чечимин талдап чыгып, ал дагы ушул эле бузуулар тууралуу айткан. Анын айтымында, юридикалык жактан бул токтом Жогорку соттун ыйгарым укуктарына каршы келет: ал өзүнүн айыптоочу өкүмүн өзгөртүп же жокко чыгара албайт.

* Мыйзам боюнча, соттолгондугу алынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адам президенттин кызматына шайлана албайт.

Сооронкулова белгилегендей, Боршайкомго талапкердин мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарына дал келип-келбегени тууралуу маалыматтарды текшерүү милдети жүктөлгөн.

«Бирок, БШКнын төрайымы менен мүчөлөрү Жапаров эки кылмыш иши боюнча соттолгонун, 2020-жылдын 6-октябрында жаза өтөп жатканда мыйзамсыз бошотулганын билип туруп, анын соттолгондугу жана айыптоочу өкүмдүн бар болгону тууралуу маалыматтарды текшерүүгө жоопкерчиликсиз жана шалаакы мамиле кылышып, ага талапкер катары шайлоого катышууга мыйзамсыз жол берген», — деп жыйынтыктады ал.

Талапкерлигин көрсөтүүгө укугу жок болчу

Мурдараак БШКнын эки мүчөсү Гүлнара Журабаева менен Адилет Сатыгулов «шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдөгү бузуулардан улам» кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай коюшканын кабарлашкан. Алар буга байланыштуу өзгөчө пикирлерин айтышкан.

Алар БШК Садыр Жапаров мамлекет башчысынын м.а. болуп турганда талапкерлигин президенттик шайлоого каттабашы керек болчу деп белгилешкен.

«Шайлоого катышууга даярданган Садыр Жапаров конституциядагы тыюу салууну көзүнө илген жок – мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу талапкер болууга укугу жок. Бул чектөө башынан эле өкмөт башчылык менен өлкө башчылыгын айкалыштыруу үчүн берилген ири административдик ресурсту колдонууну чектөө үчүн коюлган. Ошондой эле, Жапаров ыйгарым укуктарын өткөрүп бергендиги тууралуу документтерин көрсөткөн жок. БШК аны талапкер катары каттабашы керек болчу», – деп эсептешет алар.

Журабаева менен Сатыгулов Садыр Жапаровдун шайлоо фондундагы каражаттардын түшүшү жана сарпталышы боюнча дагы ачык-айкындуулуктун жоктугун айтышкан.

Садыр Жапаровдун кылмыш иштери

Садыр Жапаровдо соттолгонуна байланыштуу эки кылмыш иши бар болчу. Бийликти күч менен басып алуу иши боюнча Жапаров жана иштин башка фигуранттары толугу менен акталган. Жапаров күнөөлүү деп табылган барымтага алуу иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөн. Иш Башкы прокуратурадан, андан соң УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына түшкөндөн кийин башкармалык кылмыш жоктугуна байланыштуу ишти жабууну чечкен.

Мындан улам, Жапаров колониядан бошонуп чыккандан кийин жетекчилик кызматтарды ээлеп, президенттик кызмат үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Адвокат Нурбек Токтакунов Жогорку соттун судьялары чыгарган чечимдердин жок эле дегенде бирөөсү мыйзамсыз, демек Садыр Жапаров президенттикке ат салышууга акысы жок болчу деп эсептейт.

Ал Жогорку соттун 16-октябрдагы чечимин «өзүн-өзү ашкерелеген шаша-буша даярдалган документ» деп атап, «Жогорку сот мыйзам бузуп, саясий чечим кабыл алды» деп айткан.

Кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгы

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгы бекитилгенин кабарлады. Ага ылайык, талапкер Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,2% добушуна ээ болгон. Шайлоо 10-январда өткөн.

Ал эми Жапаровдун инаугурациясы 28-январга дайындалды. Төш белги жана штандарт тапшыруу аземи Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт.

ДАГЫ ОКУҢУЗ: