«Жапаровдун президенттикке ат салышууга укугу жок болчу». БШКнын эки мүчөсү шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

Боршайкомдун мүчөлөрү Гүлнара Журабаева жана Адилет Сатыгулов «шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдөгү бузуулардан улам» кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Алардын пикиринде, көпчүлүк бузуулар Садыр Жапаровдун пайдасына болгон.

Журабаева комиссиянын 20-январдагы жыйынтыктоочу отурумунда шайлоонун жыйынтыгын таанууга каршы добуш бергенин белгиледи.

«Жалпысынан, шайлоонун жыйынтыгы добуш берүүгө келген шайлоочулардын эрки болгонун ишенимдүү айтса болот дегенге кошулам. Добуштар ишенимдүү саналды. Бирок ага карабай, шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө кезексиз президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүнө таасир берүүчү мыйзам бузуулар болгонун айтуу зарыл деп эсептейбиз», – деди ал.

Талапкерлигин коюуга укугу жок болчу

Журабаева мыйзамга ылайык, кезексиз шайлоо президент отставкага кеткенден кийин 7 күндөн ашпаган убакытта жарыяланарын белгиледи.

«Шайлоого катышууга даярданган Садыр Жапаров конституциядагы тыйюу салууну көзүнө илген жок – мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу талапкер болууга укугу жок. Бул чектөө башынан эле өкмөт башчылык менен өлкө башчылыгын айкалыштыруу үчүн берилген ири административдик ресурсту колдонууну чектөө үчүн коюлган. Ошондой эле, Жапаров ыйгарым укуктарын өткөрүп бергендиги тууралуу документтерин көрсөткөн жок. БШК аны талапкер катары каттабашы керек болчу», – деп эсептейт Журабаева.

Жапаров премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу кызматында 16-октябрдан бери отурган. Ал бул кызматтарда президенттикке талапкерлеригин коюу мөөнөтү аяктаганга чейин болгон – 14-ноябрь. Анда президенттин басма сөз кызматы, өзүнүн расмий билдирүсүндө Жапаров президенттин милдетин аркалап турганда БШКга документтерин тапшырганын жазган болчу.

Президенттикке башка талапкерлер БШКга бир нече жолу, ал тургай сотко кайрылып, мыйзам талаптарын аткарбагандыгы үчүн Садыр Жапаровду талапкер катары каттоого албоону талап кылышкан.

Күмөндүү шайлоо фондусу

Журабаева Садыр Жапаровдун шайлоо фондундагы каражаттардын түшүшү жана сарпталышы боюнча ачык-айкындуулук болгон жок деп эсептейт.

«Жапаров өзү фондко которгон 15 млн сом маселеси жоопсуз калды. Бул акчалар анын пенсионер-шайлоочуларыныкы экенин документ түрүндө же башка жол менен талапкер тастыктап берген жок. Бери эле дегенде, каржылык операциялардын ушул бөлүгү банктагы эсеп аркылуу өткөн жок. Бул мыйзам талабын бузуу деп саналат. Башкача айтканда, бул акчалар кантип чогулган, ким чогулткан, бухгалтерлик документтер толтурулганбы түшүнүксүз бойдон калган. Мындан улам, акча которууга акысы жок жарандар алардын арасында болгон-болбогонун текшерүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес», – деп белгиледи ал.

5-январда дагы бир талапкер Абдил Сегизбаевдин өкүлдөрү Мамлекеттик салык кызматына кайрылып, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун салык төлөмдөрү боюнча маалымат берүүнү өтүнгөн. БШКнын маалыматына караганда, Жапаровдун эсебине 23-ноябрдан 1-декабрга чейин 15 млн сом келип түшкөн. Бул каражаттын булагы катары «талапкердин жеке каражаты» көрсөтүлгөн.

Декабрдын аягына карата Жапаровдун шайлоо эсебинде 46 млн сом болгон, анын 15 миллиону «талапкердин жеке каражаты» деп көрсөтүлгөн. Өзү бул сумма мен колонияда жаза өтөп жатканда «элден чогулган» деп түшүндүргөн. Бул 15 миллиондон тышкары, калган 30,9 млн эки коммерциялык компаниядан жана ондогон жарандардан келип түшкөн. Анын демөөрчүлөрүнүн арасында Кара-Суулук ресторатор, Жээнбековдун учурунда аткаминер жана кылмыш иштеринин фигуранттары да болгон.

Жалпы шайлоого 17 талапкер 122 миллиондон ашык каражат короткон. Бул сумманын жарымынан көбү Садыр Жапаровго тиешелүү – анын шайлоо фондунда 67 млн сомдон ашуун каражат болгон. Бул каражат толугу менен сарпталган. Бул бардык талапкерлердин сарптаган акчасынан дагы ашып түшөт.

Админресурс

Журабаева үгүт жүргүзүү шарттары дагы бирдей болбогонун баса белгиледи. Анын ичинде админиресурсту колдонуу жана финансылык артыкчылык дагы бар.

«Соцтармактарда видео жана аудио материалдар чыгып жатты, БШКга айрым аймактардын жетекчилери Токмокто, Кара-Сууда, Караколдо кол алдындагы кызматкерлерин агитациялык иш-чараларга мажбурлап катыштырып жатканы тууралуу дооматтар келип жатты. Бул материалдар укук коргоо органдарына тапшырылганы менен жетиштүү деңгээлде иликтенген жок. Муну админиресурсту колдонуунун дагы бир артыкчылыгы катары бааласа болот», – дейт ал.

Жапаров эки кызматты ээлеп турганда өзүнүн адамын Башкы прокуратурага, ИИМдин башчылыгына дайындап, үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевди – УКМКнын жетекчилигине койду. Жапаров президенттин милдетин аткаруучу ыйгарымдарын өткөрүп бергенден кийин, өлкө башчынын ордуна дагы бир жакын досу Талант Мамытов келген.

*«Жалпы иш» коомдук фондунун маалыматына караганда, 6-январга карата шайлоо алдында 53 мыйзам бузуу катталган. Алардын ичинен админресурс колдонулган 31 учур, 15 добуш сатып алуу аракети жана 7 жолу коркутуп-үркүтүү, шантаж бар. Фонддун маалыматына караганда, бузуулар тууралуу эң көп кайрылуулар президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун дарегине айтылган.

Журабаева КТРКнын эфириндеги чырлуу дебат бейтараптуулуктун базалык принциптерин бузуудан гана кабар бербестен, айрым талапкерлерге карата коомчулуктун пикирине дагы таасир берген болушу мүмкүн деп эсептейт.

КТРК каналында 6-январда өткөн президенттикке талапкерлердин теледебатынын экинчи турунда, катышуучулар мамлекеттик каналдын алып баруучулары «бийлик тарабынан алдын-ала даярдалган, өздөрүнө ыңгайлуу» суроолорду узатышкан деп билдиришкен. Соцтармактарда дебаттын алып баруучуларын кесипкөй эмес деп атап, каналдын жетекчилигин бир тараптуулукка айыпташкан.

Ушул эле эфир АКШнын улуттук демократиялык институтунун өкүлчүлүгү (NDI) менен КТРКнын кызматташуусун токтотууга себепкер болду. NDI дебатта «дебаттын сапатына, бейтараптуулугуна жана ачык-айкындуулугуна таасир берген» бузууларга жол берилген деп эсептейт.

* NDI демократиялык процесстерди колдоонун алкагында парламенттик жана президенттик шайлоо учурунда теледебаттарды колдоого алат.

«Жогоруда келтирилген жүйөөлөрдөн улам, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамды, Конституцияны аттаган учурлар болгондуктан кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгын таанууга негиз жок», – деп эсептешет БШК мүчөлөрү Журабаева жана Сатыгулов.

Жапаровдин жеңиши

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгы бекитилгенин кабарлады. Ага ылайык, талапкер Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,2% добушуна ээ болгон.

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен талапкер Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт. Бул тууралуу «Клоопко» президенттин аппаратынын маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов маалымдаган. Анын айтымында, төш белги жана штандарт тапшыруу аземи Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт.