Кыргызстандын Жогорку соту 6-январда Садыр Жапаров баштаган адамдардын бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу иши боюнча актоо өкүмүнүн көчүрмөсүн жарыялады. Өкүм 2020-жылдын 16-октябрында чыккан болчу.
Анткен менен мурдарак жогору сот органынан документти жарыялоону талап кылган адвокат Нурбек Токтакунов, Жогорку соттун чечими «өзүн-өзү ашкерелеген шаша-буша уйпаланган документ» экенин билдирди.
Ал өкумдүн орус тилиндеги версиясын жарыялап, кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду талапкер катары каттоого жол берген документтин эмнеси туура эмес экенин түшүндүрүп берген.
Жогорку сот 2013-жылы бул ишти караган болчу. Анда Жогорку соттун соттор коллегиясы айыптоочу өкүм чыгарган. Бирок 2020-жылдын 16-октябрында адвокаттын өтүнүчүнөн кийин Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра карап, коллегия Бишкек шаардык сотунун актоо өкүмүн күчүндө калтырган.
Бирок бул токтом юридикалык жактан алып караганда Жогорку соттун ыйгарымдарына каршы келет: ал өзүнүн айыптоочу өкүмүн өзгөртүп же жокко чыгара албайт. Ошол себептен Нурбек Токтакунов Жогорку соттун үч судьясынын үстүнөн Судьялар кеңешине караштуу дисциплинардык комиссияга арызданган. Азырынча Соттор кеңеши доо арызга жооп бере элек.
Жогорку соттун өкүмүнүн эмнеси ойлондурат?
Токтакунов буга чейин Жогорку сот 16-октябрдагы айрым документтерди жашырып жатканын, ал документтер ишти кайра кароо жана соттолуучуларды актоо тууралуу өтүнүч катка тиркелиши керектигин билдирген.
Анын айтымында, Башкы прокуратуранын корутундусу жеткиликтүү болгон эмес, анда алар соттон «жаңы ачылган жагдайларга» байланыштуу ишти кайра карап, соттолгондордун баарын актоону өтүнгөн. Ошондой эле, бийликти басып алуу боюнча ишти кайра кароого жөнөтүү тууралуу Жогорку соттун чечими болгон эмес.
Чечим жарык көргөндөн кийин Токтакунов «Жапаров — президент болууга укугу жок соттолгон козголоңчу» деп билдирди.
«Жаңы ачылган жагдайлар катары сот Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 26-июнундагы токтомуна таянган. Анда парламент Жогорку соттун тартип комиссиясына судья Зулушевди актоо өкүмүн чыгаргандыгы үчүн жазалоо чечимин кайрадан кароону сунуштаган. Бул токтом боюнча тигил же бул далилди баалоо үчүн судьяны жазалоого болбойт. Бул Зулушевге гана тиешелүү. Садыр Жапаровдун иши боюнча башка эч кандай жаңы ачылган жагдайларды парламент караган эмес», — дейт юрист.
Ал 2020-жылдын 16-октябрында Садыр Жапаровду актоо өкүмү чыгып жатканда сот «парламенттин бул токтому ишке тиешелүү бардык башка далилдердин топтомуна кандайча таасир бере турганын» таптакыр изилдеген эмес деп баса белгилеген.
«Ушуну менен менин бул алдамчылыкты изилдөөм аягына чыкты. Эми мен Жогорку сот мыйзам бузуп, саясий чечим кабыл алганын далилдүү айта алам. Демек, Садыр Жапаров бийликти басып алуу үчүн айыптуулугу менен соттуулугунан ажыраган эмес. Ал президент болууга укугу жок козголоңчу», — деп жыйынтыктады Токтакунов.
Токтакунов жана Садыр Жапаровдун кылмыш иштери
Адвокат Нурбек Токтакунов 2020-жылдын декабрь айынын аягында фейсбук барагына Жогорку соттун Садыр Жапаровдун эки жолу соттолгондугуна карата токтомдоруна баяндама жарыялап баштаган.
Жапаровдун бийликти күч менен басып алуу иши боюнча жана иштин башка фигуранттарын сот толугу менен актаган. Жапаров күнөөлүү деп табылган барымтага алуу иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөн.
Бийликти күч менен басып алуу иши боюнча Жапаров жана башка айыпталуучулар толугу менен акталган. Жапаров айыптуу деп табылган барымтага алуу боюнча иштин материалдары кайрадан сотко чейинки кароого жөнөтүлгөн. Андан соң Башкы прокуратурадан ишти өткөрүп берген УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы кылмыштын белгилери жок деген жүйөө менен ишти кыскарткан.
Мындан улам, Жапаров колониядан бошонуп чыккандан кийин жетекчилик кызматтарды ээлегенге мүмкүнчүлүк алган. Токтакунов Жогорку соттун судьялары чыгарган чечимдердин жок эле дегенде бирөөсү мыйзамсыз, демек Садыр Жапаров президенттикке ат салышууга акысы жок болчу деп эсептегйт.
Жапаров ошондой эле, премьер-министр боло албайт болчу. 14-октябрда мамлекеттик резиденцияда парламент Жапаров баштаган өкмөттүн жаңы курамын бекиткен. Бирок бийликти басып алуу иши боюнча актоо өкүмүн Жогорку соттун коллегиясы 16-октябрда гана чыгарган. Иш жүзүндө, ал министрлер кабинетинин башчысы катары дайындалганда соттуулугу жокко чыгарылган эмес.
Жогорку сот болсо коллегиянын Жапаровдун эки иши боюнча тең чыгарган чечими мыйзамдуу деп эсептейт. Бирок бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү ишине байланышкан актоо өкүмү act.sot.kg сайтына дароо эле жарыяланган жок.
ТЕМА БОЮНЧА КОШУМЧА: