УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 3-февралда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата сотко чейинки дагы бир өндүрүштү баштады. Бул ирет Калиева жана Свердлов райсотунун экс-төрайымы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» айыпталууда.
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, алар интернетте сот бийлигинин айрым өкүлдөрүн дискредитациялаган видеолорду жайылтышкан.
2020-жылдын февралында интернетте Бишкектин Свердлов райсотунда болуп өткөн сот процессинин тасмасы жайылтылган, видеодон судья менен айыпталуучунун ортосундагы талаш-тартышты көрүүгө болот. Бул окуядан кийин Калиева Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына судьяны тартип жообуна тартып, эскертүү берүү өтүнүчүн киргизген.
УКМКнын маалыматына ылайык, кызматтык иликтөөнүн алкагында аталган видеону Свердлов райсотунун экс-төрагайымы И.Ж.Б таратканы аныкталган.
«Мындан тышкары, “И.Ж.Б.” белгиленген сот жараянын видеотасмага тартууда, ал өзүнө жакпаган судьянын иш-аракеттерин кысымга алуу жана процесстин катышуучуларына аны орой мамиле жасап жаткандар таасир калтыруу максатында, соттолуучунун үнүн атайлап азайтканы аныкталды», — деп билдирет УКМК.
Атайын кызмат Калиева «мыйзамсыз иш-аракеттеринин ачык-айкын фактыларына карабастан, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктарын жашырган» деп билдирди.
Калиевага дагы кандай айыптар тагылды?
Бул Жогорку соттун төрайымынын дарегине айтылган айыптоолордун алгачкысы эмес. 24-декабрда Камчыбек Ташиев Калиева «Жергиликтүү сот» системасын ишке киргизүүдөгү коррупцияга тиешеси бар экенин айткан.
«Биз ал мыйзам бузду деп эсептейбиз жана мамлекетке ири зыян келтирген. Бул иш иликтенип жатат, аягына чыгарабыз», — деп билдирген Ташиев.
УКМК төрагасы ал жетектеген мекемеде Жогорку соттун төрайымынын күнөөсүнүн «айныгыс» далилдери бар экенин айтып келет.
Тергөөчүлөр маморган IT-компания менен программалык камсыздоо түзүү үчүн «жасалма» келишим түзгөнүн аныктаган. Мамлекетке келтирилген чыгым болжол менен 8 млн сом экени айтылууда.
Бул факты боюнча ага катыштыгы барлар кармалган. Анын негизинде УКМК иштин материалдарын Дисциплинардык комиссияга жолдоп, Калиеваны «керек болсо эртең» кармоого даяр экенин билдирген болчу.
Жогорку сот күч түзүмдөрүнүн бардык айыптоолорун четке кагып, жетекчилик коррупцияга аралашуусу мүмкүн эмес экенин, анткени «Жергиликтүү сот» долбоорун эл аралык уюмдар көзөмөлдөгөнүн билдирген.
Кийин Соттор кеңеши ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кайрылып, «сот системасын ушул сыяктуу айыптоочу мүнөздөгү жол берилбей турган билдирүүлөрдөн» коргоп калууну өтүнүп, күнөөсүздүк презумпциясын эске салган.
Жогорку соттун төрайымы болсо, ага карата коррупция боюнча кылмыш иши 2020-жылдын жаз айларында, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда эле козголгонун билдирген. Калиева иштин материалдары менен тааныша электигин, бирок тергөө амалдарына тоскоолдук кылбоого аракет кылганын белгилеген. Анын айтымында, «Жергиликтүү сот» системасын ишке киргизүү үчүн бир дагы документке кол койгон эмес.
28-декабрда Башкы прокуратура Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынеа Калиевага карата сунуштама бергени белгилүү болгон. Сунуштама 5-январда каралышы керек болчу, бирок отурум Калиеванын саламаттыгы начарлаганына байланыштуу өтүнүчү менен кийинкиге жылдырылган.