Кыргыстандын айрым медициналык ЖОЖдору Пакистандын «кара тизмесинен» чыгарылат

Сүрөт: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын медициналык комиссиясынын президенти Аршад Таки менен жолугушуп, Кыргызстандагы медициналык окуу жайларды «кара тизмеден» чыгаруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда пакистандыктар окуп жаткан Кыргызстандагы медициналык окуу жайларды Пакистан медициналык комиссиясынын А, В жана С тизмелерине киргизүү чечими кабыл алынды.

Эми бул тизмедеги окуу жайларды бүтүргөн Пакистандын жарандары Медициналык комиссиянын сынактарына тоскоолдуксуз кире алышат. Ошондой эле, бул тизмедеги окуу жайларга пакистандыктар «эч кандай тоскоолдуксуз тапшыра алышаары» айтылды.

Ал эми тизмелердин түшүндүрмөсү төмөндөгүчө берилди:

  • A - эл аралык, көз карандысыз аккредитациядан өткөн окуу жайлар;
  • B - көз карандысыз аккредитациядан өткөн, бирок эл аралык аккредитациядан өтө элек окуу жайлар;
  • C - аккредитациядан өтө элек окуу жайлар.

Мындан сырткары жаңы ачылган медициналык окуу жайлар өзүнчө тизмеге киргизиле турган болду.

Ошондой эле, Бейшеналиев Пакистандын билим берүү тармагындагы башчылары менен да жолугушуп, Кыргыз-пакистан илимий фондун түзүүнү жана билим берүү тармагындагы тажрыйбалар менен алмашууну макулдашты.

2020-жылдын октябрь айында Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын «кара тизмеге» киргизгени белгилүү болгон. Расмий маалыматка ылайык, буга Кыргызстандан бүткөн студенттердин 90%ы Пакистандын Медициналык кеңешинин милдеттүү медициналык экзаменинен өтпөй калышы себеп болгон. Мындан тышкары, Пакистанда алардын дипломдору таанылбай калган.

Дээрлик бир ай сүйлөшүүлөрдөн кийин Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык төрт жогорку окуу жайын «кара тизмеден» чыгарган.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 19 ЖОЖ медициналык тармакта билим берет. 2019-2020-окуу жылына карата Кыргызстандын окуу жайларына 4 миңге чукул пакистандык студент тапшырган — жалпысынан өлкөдө Пакистандын 6 788 жараны билим алат.