Кыргызстандын төрт медициналык окуу жайы Пакистандын «кара тизмесинен» чыгарылды

Сүрөт: Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын төрт жогорку окуу жайын «кара тизмеден» чыгарды. Аталган окуу жайларда пакистандык студенттер медицина багыты боюнча билим алышат. Алар:

  • Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
  • Ош мамлекеттик университети;
  • Кыргыз-Орус Славян университети;
  • Кыргызстандын эл аралык универститетине караштуу Эл аралык жогорку медициналык мектеби.

Ошол эле учурда «кара тизмеде» Кыргызстандын 12 ЖОЖу калууда — Пакистан бул тизмеге бир гана кыргызстандык окуу жайларды киргизген.

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев октябрдын аягында Пакистан Кыргызстандын бардык медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгенин жана ал өз жарандарына бул ЖОЖдорго тапшырууну сунуштабай турганын билдирген.

Министрликтин маалыматы боюнча, ага Кыргызстандан бүткөн студенттердин 90%ы Пакистандын Медициналык кеңешинин милдеттүү медициналык экзаменинен өтпөй калышы себеп болгон. Мындан тышкары, Пакистанда алардын дипломдору таанылбай калган.

Окуу жайлардын ректорлору Пакистанга кара тизмени кайра карап чыгууну, ошондой эле ал тизмеден 2016-жылы Пакистандын медициналык кеңеши тарабынан сунушталган ЖОЖдорду чыгарууну сунуштоонун варианттарын талкуулашкан.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 19 ЖОЖ медициналык тармакта билим берет. 2019-2020-окуу жылына карата Кыргызстандын окуу жайларына 4 миңге чукул пакистандык студент тапшырган — жалпысынан биздин өлкөдө 6 788 Пакистандын жарандары билим алат.