Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын «кара тизмеге» киргизди

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев медициналык окуу жайлардын ректорлору менен жолугушуп, Пакистан Кыргызстандын бардык медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгенин жана ал өз жарандарына бул ЖОЖдорго тапшырууну сунуштабарын билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, ага Кыргызстандан бүткөн пакистандыктардын 90% Пакистандын Медициналык кеңешинин милдеттүү медициналык экзаменинен өтпөй калышы себеп болгон. Мындан тышкары, Пакистанда алардын дипломдору таанылбай калган.

Ведомстводон белгилешкендей, жетекчиликтин ою боюнча, мындай кырдаал адистерди даярдоонун сапаты начар болгонуна байланыштуу.

«Медицина тармагында чет өлкөлүк студенттерди сапаттуу даярдоо ЖОЖдордун кызыкчылы болгонуна карабай, алардын көпчүлүгү эл аралык аккредитациядан өтпөй калган», — деп билдиришти ведомстводон.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаралган кырдаал «өлкөдөгү инвестициялык климатка, аны менен катар билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен», мындан ары ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнө, өзгөчө медициналык ЖОЖдорго болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлөт.

Ведомствонун башчысы Бейшеналиев ЖОЖдорду студенттердин жетишүүлөрүнүн жалпы көрсөткүчтөрүн жогорулатуу үчүн пакистандык студенттерге кирүү талаптарын катуулоого чакырды. Ошондой эле ал ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттердин көйгөйлөрүн чечүүнү, билим берүүнүн сапатын жогоруталууну жана эл аралык аккредитация өткөрүүнү тапшырды.

Коюлган тапшырмалар аткарылбаган учурда окуу жайдын лицензиясы кайра каралмакчы.

Окуу жайлардын ректорлору Пакистанга кара тизмени кайра карап чыгууну, ошондой эле ал тизмеден 2016-жылы Пакистандын медициналык кеңеши тарабынан сунушталган ЖОЖдорду чыгарууну сунуштоонун варианттарын талкуулашты.

Алардын ою боюнча, ЖОЖдордун кызмат көрсөтүүлөрүн баалоо үчүн Пакистан жаңы көз карандысыз комиссия түзө алат, ал эми ЖОЖдорду талаптарга жооп берүүсү боюнча топтоштуруп, ал топторду кадам-кадам менен кара тизмеден чыгарса болот.