Ош жана Нарын шаарларында инфекциялык ооруканалардын курулушун аягына чыгаруу үчүн каржы маселеси чечилүүдө. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.
Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, объекттердин үчөөсү тең эксперименталдык болуп, долбоорлору курулуштун жүрүшүндө даярдалгандыктан жыйынтыктоочу сметасы аныкталбай калган.
«Алдын ала эсептер боюнча, Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду эсептердин баарын төлөп бүткөн. Бирок, объектилерди куруу акысы кымбатыраак болуп чыккандыктан, төлөнө элек калдыгы түзүлүп калган. Бул кошумча чыгымды бюджет же фонд төлөөрүн өкмөт чечет», — деп билдирет агенттик.
2020-жылдын февраль айында ведомство Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду каржылоону токтотуп койгонуна байланыштуу курулуш аягына чыкпай жатат деп ишендиришкен.
Өз кезегинде, фонд каржылоо өз убагында жана толук өлчөмдө аткарылганын маалымдады.
«Түзүлгөн келишимдерге ылайык, үч объект боюнча курулуш-монтаждык иштердин болжолдуу акысы 170 млн сомду түзгөн: Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалар үчүн — 62,5 млн сом, Нарындагы ооруканага — 45 млн сом», — деп фонддон билдиришти.
Фонд октябрь жана ноябрь айларында Бишкек шаарында тез курулуучу эксперименталдык инфекциялык оорукананын курулушу үчүн кошумча макулдашууларга кол коюлганын баса белгиледи. Бул үчүн 19 млн сом бөлүнгөн.
Тез курулуучу инфекциялык ооруканалар
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Бишкек, Ош жана Нарында тез курулуу үч эксперименталдык инфекциялык оорукана салына баштаганын кабарлаган.
Үч оорукана биригип, 270 орунга эсептелген: Бишкек жана Оштогу ооруканалар 100 бейтап, Нарындагысы 70 бейтап кабыл ала алат. Үч инфекциялык ооруканада реанимациялык блоктордо 70 орунду ээлейт.
Оштогу инфекциялык оорукананын курулушу 2020-жылдын 28-июлунда башталган, ал 2020-жылдын октябрь айында эксплуатацияга берилмек деп эсептелген. Кийинчерээк Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бул оорукана бейтаптарды ноябрь айында кабыл алып баштайт деп билдирген.
Нарында болсо жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн оорукананын курулушу 4-августта башталган. Оорукана жеңил конструкция менен курулуп, анда шаардын климаттык шарттары эске алынмакчы.
Республикалык штабдын маалыматына караганда, оорукана бейтаптарды дарылоочу пункт уюштурууга ылайыктуу «капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүчү имарат жок болгондуктан» курула баштаган. Ага чейин Куралдуу күчтөрдүн № 93 546 аскер бөлүгүнүн имаратын 120 койка орундуу оорукана кылып пайдалануу пландалган.
Нарындын өзүндө коронавирустун өтө тез жайылышы май айында катталган. Ал жакта коронавирус жуктургандардын саны облус калкынын санына бөлө келгенде кыйла жогору болгон. Ал убакта Нарын шаарынын вице-мэри да коронавирус жуктуруп алган, ал тургай шаардагы жалгыз төрөт үйүн карантинге жабуу маселеси да көтөрүлгөн, себеби төрөй турган аялдар COVID-19 жуктуруп алышкан болчу.
Бишкекте Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы корпусун куруу иштери 25-июлда башталган. Объект расмий түрдө 2020-жылы 24-октябрда эксплутацияга берилген.
Бийлик Бишкекте жаңы оорукана куруу чечимин июль айында коронавирус катуу тутанып кеткенде кабыл алган. Ал учурда калаанын ооруканаларында бейтаптар үчүн орун жетишпей, ооруканага жетпей каза тапкан учурлар болгон. Бийлик ооруканалардын жүгүн жеңилдетүү үчүн күндүзгү жана кечки стационарларды дагы ачкан.