Нарында 70 орундуу инфекциялык жаңы оорукана курулат

3-августта Республикалык штаб Нарын шаарында жаңы инфекциялык оорукананын курулушу башталганын маалымдады. Мындай чечим бейтапкана уюштуруу үчүн «капиталдык ремонттон өткөрүүгө ылайыктуу имарат болбогондуктан» улам кабыл алынган. Мурдараак Куралдуу күчтөрдүн №93 546 аскер бөлүгүнүн имаратын 120 кишилик ооруканага өзгөртүү пландалган эле.

Оорукана мамлекет тарабынан каржыланып, жеңил конструкция менен салынат. Курулушчулар шаардын климаттык шарттарын эске алышмакчы.

Бейтапканада заманбап палаталар орун алып, бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. 70 орундун 20сы реанимациялык орунга ылайыкталат. Курулуш иштери күнү-түнү жүрүп, имаратты бир айдын ичинде бүткөрүү күтүлүүдө.

Коронавируска чалдыккан бейтаптар дарыланып жаткан Нарын облустук ооруканасында 3-августта суюк кычкылтекти стационарларга жеткире турган борбордук система иштеп баштады.

Штаб суюк кычкылтек менен оорукананын ангионеврология, терапия, жугуштуу оорулар, кардиология бөлүмдөрүндөгү бейтаптар жана дарыкана камсыздаларын билдирди.

Мамлекет жаңы борборлоштурулган системанын курулушуна 5 млн сом бөлүп берген. Курулуш иштерин «Бишкек Тех Газ» компаниясы аткарган.

«Борборлоштурулган суюк кычкылтек станциясынын коюлушу бейтаптарды дарылоодо абдан чоң жеңилдик бере баштады. Себеби бул станция аркылуу ар бир бейтап 99 пайыз суюк кычкылтек менен камсыз болот. Мындагы кычкылтектин запасы колдонууга жараша 1-2 айга жетээри болжолдонууда», — деди Нарын облустук оорукананын башкы дарыгери Чыңгыз Нарынбеков.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлда билдиргендей, COVID-19дун экинчи толкунуна даярдануу үчүн өкмөт муниципалдык имараттарды инфекциялык ооруканаларга ылайыкташтырып жабдыйт. Мындан тышкары Бишкек менен Ошто жугуштуу оорулар үчүн оорукана курулат.

Бийлик июль айында Бишкекте коронавирус күч алып, ооруканаларда орун жетишпей калгандан кийин ушундай чечимге келген. Алар бейтапканаларга келген күчтү басаңдатуу үчүн күндүзгү жана түнкү стационарларды ачышкан.

Ал эми Нарында инфекция майда күч алган. Ал жакта облус калкынын санына карата коронавирус жуктуруунун кыйла көп учуру катталган. Ошондо Нарындын вице-мэри да коронавируска чалдыккан, ал эми жалгыз төрөт үйүндө жаңы төрөгөн аялдар COVID-19 жугузуп алгандактан, аны карантинге жабууну пландашкан.

Азыр Нарындагы эпидемиологиялык кырдаал турукташкан. 4-августка карата маалымат боюнча, Нарында вирус жуккан 1528 учур катталган, ошол эле учурда республика боюнча жалпысынан 37 541 адамда коронавирус аныкталган. Оорудан 28 743 адам айыгып, 1 427 адам каза тапкан.