Бишкек жана Ошто эки оорукана курулат, ал эми аймактарда ээн имараттар ооруканага даярдалат

Бишкек жана Ош шаарларында эки жаңы оорукана курулат, ал эми аймактарда бош турган имараттар ооруканага ылайыкташтырылып даярдалат.

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 21-июлда Республикалык штабдын жыйынында Бишкек жана Ош шаарында 100 койка орунга ылайыкталган эки жаңы оорукананын курулушу июлдун этегинде башталаарын билдирди. Калган аймактарда «бош» имараттар ооруканага ылайыкталып даярдалат.

«Алар бир айдын ичинде медициналык мекеме катары иштей башташ керек. Ооруканалар 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болсун», — деди өкмөт башчысы.

Анын айтымында, курулушка Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги жооптуу болот, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды керектелчү меджабдуулар жана кызматкерлер менен камсыздашы керек.

Аймактарда имараттарды оңдоп-түзөө ишин Архитектура мамлекеттик агенттиги өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү менен биргеликте алып барат.

Буга чейин Боронов, 20-июлда жаңы ооруканалар тез курулуучу конструкциялардан салынаарын билдирип, бирок анын сапаты жана өкмөт ага канча каражат бөлөөрүн тактап айткан эмес.

Бийлик COVID-19га чалдыккандарды дарылоо үчүн ооруканага куруу керектиги жөнүндө өлкөдө коронавирус жуктуруунун алгачкы учурлары аныкталган күндөн 4 ай өткөндөн кийин гана билдирип чыкты.

21-июлга карата маалымат боюнча, өлкөдө коронавирус же ооруканадан тышкаркы пневмониянын жалпы 28 миңден ашуун учуру катталып, алардын ичинен бардыгы болуп 1079 адам кайтыш болду.

Өкмөттүн демилгеси COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын саны кескин өскөндөн кийин орун алды. Ооругандардын саны июлдун башында өсө баштаган — бул кризис ооруканалардын катуу жетишпегенин көрсөттү.

Ишкерлер жана кайдыгер эмес жарандар врачтар күндүзгү стационар ачып оорулууларга жардам көрсөтө алышы үчүн мейманканалары менен аянты кенен орун жайларын бере башташкан.

Ал эми ыктыярчылар врачтарды жеке коргоочу каражат, тамак-аш, ал эми бейтаптарды медкаражаттар камсыздаш үчүн акча топтошкон.

Кийинчерээк Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү жана түнкү стационарларды уюштурду. Учурда бүткүл өлкө боюнча 848 күндүзгү жана түнкү стационар иштеп жатат. Бирок алар пневмониянын жеңил формасы менен ооругандарды гана кабыл ала алат.