Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилгенин 26-мартта маалымат жыйында билдирди. Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
УКМКнын башычысы жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген чек ара боюнча маселелерди чечүү боюнча комиссиялар Ташкентте эки тараптуу протоколго кол коюшкан.
«Негизинен кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилди. Бул чечилбеген өтө оор маселелерди биз карадык, чечилди», — деди Ташиев.
Ташиев Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстандын аймагында калганын, бирок анын ичиндеги суунун 95 пайызын өзбек тарап колдоно турганын билдирди. УКМКнын башчысы Орто-Токойдун 200 гектарга чукул аймагы буга чейин Кыргызстанга өткөрүлгөнүн айтып, калган 600 гектарга чукул жер Өзбекстанда калганын айтты.
«Ошонун эсебинен биз тарапка мурда талаштуу болуп келген жерлер: Көк-Серек айылы 105 гектар жер биз тарапка жазылды. Ала-Бука районундагы Баястан тилкесинде 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Таш тилкесинде 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар — Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон бизге жазылды. Кара-Белес тилкесинен 25 гектар жер бизге кайра жазылды. Кара-Белес буга чейин Өзбекстанга берилген, эми аны кайтардык», — деди Ташиев.
Ошондой эле, Ташиев Жалал-Абад жана Наманган облусунун ортосундагы Гавасай тилкесинин 8 миң гектары Кыргызстанга өткөрүлгөнүн кабарлады. Анын айтымында, бул тилкеге кыргыз жарандары жашаган 5-6 айыл жайгашкан жана ал жерде бир нече жолу ок атуу менен коштолгон чыр чыккан.
УКМКнын төрагасы Өзбекстанга Ош облусундагы Шахрихансай плотинасынын баш жагынан 50 гектар жер өткөрүлүп, Өзгөн районуна 50 гектар кошула турганын билдирди.
Мындан сырткары Ташиев Ош облусундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын 5 735 гектарынан 1 300ү Кыргызстанга өткөнүн кабарлады.
«[Буга чейин] 1973-жылы бизге компенсация катары 4 100 гектар жерди өткөрүп берген. Демек 300 гектарды бизге компенсация кылып бериши керек болчу. Бирок, ошол 300 гектардын ордуна, Кудай буюрса, биз компенсация катары Өзгөн жана Сузак райондоруна 1 миң гектар жер алдык. Бул биздин жүргүзгөн жолугушуулардын натыйжасында болду», — деди Ташиев.
Ошондой эле, ал өзбек тарап Кемпир-Абад суу сактагычында тосмолорду орнотпой тургынын айтып, сууну эки тарап тең колдоноорун кошумчалады.
Ташкентте кабыл алынган протоколдор эми тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан иштелип чыгып, эки өлкөнүн президенттери келишимге кол коюшат. Аны парламент ратификациялашы керек.
«Сох анклавына эч кандай коридор болбойт»
Ташиев Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавы тууралуу суроого жооп берип жатып, Өзбекстандын жарандары Сох анклавына Кыргызстандын чек ара постторунан өтө турганын белгиледи.
«Сохто эч кандай коридор жок. Ал жерде [1-апрелде] Кайтпас жан Өтүкчү посттору ачылат, ал жерден адамдар, жеңил унаалар жана 20 адамга чейин ташыган микроавтобустар гана жүрөт», — деди Ташиев.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек кыргыз тарап «Сох анклавына мамлекеттик чек ара аркылуу ээн-эркин өтүү үчүн транспорттук жана авиакаттамдарды ачууга даярдыгын» билдиргенин маалымдаган.
Байтерек чек арада кайрадан жети өткөрмө бекети иштеп башташы керектигин, жабдыктарды өзбек тарап камсыз кылууну убадалаганын кошумчалаган. Басма сөз катчынын айтымында, анын ордуна Өзбекстан Үңкүр-Тоого болгон талаптарынан баш тартмак. Кийинчерек президенттин сайтынан бул тууралуу айтылган пресс-релиз өчүрүлүп, өзгөртүү менен кайра жарыяланган.
Бул билдирүүгө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы үн катып, Өзбекстан үчүн Сох анклавына коридор ачылат деген маалыматты төгүнгө чыгарган.
«2021-жылдын 11-12-мартында Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчыларынын расмий жолугушуусунун жыйынтыгы менен кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген туура эмес маалыматтар тараган. Өзбекстанга коридор берилет деген сөздөр туура эмес», — деп билдирген басма сөз кызмат.