Юстиция министрлиги «Гильотина принциби боюнча мыйзам чыгаруу актыларынын күчүн жоготуу жөнүндɵгү» мыйзам долбоорун мындан аркы илгерилетүүсүн токтотуп жатканын билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай чечим 22-майда жарандык коом катышкан тегерек столдо кабыл алынган. Бирок мыйзамдардын баарын жокко чыгарып коё алган гильотина долбоору токтогонуна карабастан, өлкө мыйзамдарын инвентаризациялоо улантылат.
Ал буга чейин пландалгандай эле, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 31-декабрына чейин уланат.
Юстиция министрлиги мамлекет башчысынын жарлыгы менен талдоо жүргүзүп, инвентаризацияга өлкөнүн 356 мыйзамы кабылаарын эсептеп чыккан. Ошол эле учурда ага конституциялык мыйзамдар, кодекстер, эл аралык келишимдер, мамкызмат жаатындагы мыйзамдар кабылбайт.
Дагы караңыз: Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча эксперттик топ түзүлдү. Ал эмне иш кылат?
Атайын түзүлгөн ведомстволор аралык топ ишин улантат жана мыйзамдардын сапат жана натыйжалуулук критерийлерине шайкеш келип-келбесин талдайт.
Бирок «гильотина» принциби боюнча мыйзам чыгаруу актыларынын күчүн жоготуу жөнүндөгү долбоору токтотулгандыктан ведомство «инвентаризациялык иштердин ыкчамдыгы менен сапатын камсыздай турган» түзөтүүлөрдү иштеп чыгуунун үстүнөн иштей баштады.
Юристтердин «гильотина» принцибине карата сыны
Кыргызстанда 300дөн ашуун мыйзамды «гильотина» принциби боюнча жокко чыгаруу пландалып жатканы белгилүү болгондон кийин эксперттер менен юристтер кооптонууларын айтып чыгышкан.
Юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, гильотинанын маани-маңызы бир мыйзам менен бүткүл мыйзамдардын колдонулушу жокко чыгарылганында. Ошол эле кезде жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу үчүн болгону жарым жыл убакыт берилүүдө.
«Бул инвентаризация Конституция боюнча референдумдан кийин башталса бир жөн эле, мыйзамдарды ага ылайыктап оңдоп койгудай. Бирок андай болгон жок, “гильотина” башталды, бирок башкы прокурор Курманкул Зулушевден башка эч ким максаты менен маанисин так билбейт», — деп жазган юрист фейсбук барагында.
«Мыйзам чегинде» демилгелүү тобунун юристи Фатима Якупбаева дагы «гильотина» принцибине карата күмөнүн билдирген. Ал белгилегендей, ал үчүн эксперттик топтун жасаган иш аракеттеринин ачык-айкындыгы, иш алып баруу регламенти, тандоо критерийи жана көптөгөн мыйзамдардын токтошунун кесепеттери суроо байдон калууда.