Бишкекте Олимпиада оюндарына катышкан кыргыз спортчуларына арналган салтанаттуу иш чара өттү

Сүрөт: Кайрат Замирбеков / «Клооп»

Бишкектин Ала-Тоо аянтында Жапонияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга арналган салтанаттуу иш чара өттү. Ага өлкө президенти Садыр Жапаров катышты.

Өлкө куржунуна күмүш жана коло байге алып келген Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова баш болгон кыргыз спортчуларынын бир бөлүгү 7-августта өлкөгө кайтып келди.

Спортчулар үчүн борбордук аянтта кызыл килем салынып, сахна орнотулду. Сахнага биринчилерден болуп грек-рим күрөшү боюнча балбандар Азисбек Атабеков, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков, ок атуучу Каныкей Кубанычбекова, суучул Денис Петрашов, оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков жана эркин күрөш балбаны Айпери Медет кызы машыктыруучулары менен чыкты.

Кийинчерээк сахнага аялдар арасында эркин күрөш боюнча коло медаль утуп алган Мээрим Жуманазарова, ошондой эле күмүш медалга ээ болгон Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова машыктыруучулары менен чыга келишти.

Өлкөнүн 30 жылдыгына татыктуу белек

Иш-чарада алгачкылардан болуп сөз сүйлөгөн президент Жапаров, мелдештен байгелүү кайткан спортчулар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө татыктуу белек тартуулаганын белгиледи.

«Олимпиадалык медалдарды, спорттук мыкты жыйынтыктарды, спортчуларыбыздын жетишкендиктерин өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына татыктуу белек деп эсептеймин. Сиздер бардык кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн актап, элибизди кубанычка бөлөдүңүздөр», — деп билдирди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчысы Кыргызстанда жеңишке жеткен спортчуларга президент тарабынан «белек бермей» салты болгонун айтып, Тыныбекова, Махмудов жана Жуманазаровага белек даярдалып жатканын белгиледи.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов күмүш медаль алган Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага 7 млн сом, ал эми коло медалын багындырган Мээрим Жуманазаровага 5 млн сом төлөнөрүн билдирген. Ошондой эле, алардын тренерлерине да сыйакы төлөнөт.

«Ар бир өлкө уул-кыздарынын эң күчтүүсүн, эң мыктысын, намыска жараган азаматын аттандырат. Алардын арасынан суурулуп чыгуу, анан да медаль утуу — бул өтө чоң ийгилик. Спортчулардын ийгиликтеринин башаты шык жөндөмгө, тажабас эркке, ошондой эле машыктыруучунун чеберчилигине негизделген. Спорттогу ийгилик — бул чоң эмгек, ошондой эле мекенчилдиктин үлгүсү», — деди Жапаров.

Маданият министрине сөгүш жарыяланды

Жапаровдон соң сөз спортчуларга берилди. Биринчилерден болуп Айсулуу Тыныбекова сүйлөп, колдоо көрсөткөн күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди.

«Сиздердин колдооңуздарды көрүп, мен чынын айтсам аябай ыйладым, ушундай ыраазы болдум. Ушул күмүш медалдын баасын утулуп калгандан кийин сезген эмесмин, сиздердин колдооңуздарды көрүп, мен кайрадан маанайым көтөрүлдү», — деди Тыныбекова.

Аны менен бирге, Тыныбекова «алтын медаль албай калганына» чогулгандардан кечирим сурады. Ал эми аянтка чогулган күйөрмандар Тыныбекованы колдоп, сүрөп кетти.

Тыныбекова сүйлөгөндөн кийин Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев иш-чаранын концерттик бөлүгү башталарын жарыялады. Бирок күйөрмандар Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровага сөз берүүнү талап кылышты.

Мындан улам Иманалиев байгелүү спортчуларга да сөз берди. Ал эми Садыр Жапаров медаль алган спортчулардын баарына сөз бербеген министрге «эл алдында сөгүш жарыялады».

Токио олимпиадасына Кыргызстандан 17 спортчу барган Алар эки күмүш жана бир коло медаль менен мекенге кайтышты. Кыргызстан алган медалдар боюнча дүйнөдө 70чи орунда, ал эми Борбор Азияда мамлекеттеринин ичинен Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнөн алдыга чыккан.