Олимпиадада жеңишке жеткен кыргыз спортчуларына 15 млн сомдон ашык акча төлөнөт

Кыргыз спортчулары Олимпиада оюндарында үч медалды багынтышты.

  • Айсулуу Тыныбекова — күмүш медаль;
  • Акжол Махмудов — күмүш медаль;
  • Мээрим Жуманазарова — коло медаль.

Олимпиадада жеңишке жеткен спортчулар уткан медалдары үчүн бир нече миллион сомдон алышат. Бул тууралуу Марипов 13-июлда мамрезиденцияда Кыргызстандын Олимпиадалык курамасын кабыл алуу учурунда айтты.

Аткаминердин убадасына караганда Тыныбекова менен Махмудов күмүш медалды багынтканы үчүн жети миллион сомдон алышат, ал эми Мээрим Жуманазаровага коло байге үчүн беш миллион сом төлөнөт.

Мындан тышкары, Олимпиадалык кураманын башка мүчөлөрүнө дагы сыйакы берилет — тренер жана медиктер.

  • Спортчунун акчалай сыйакысынын 30% өлчөмүндөгү суммасы башкы тренерге төлөнөт;
  • спортчунун акчалай сыйакысынын 25% өлчөмүндөгү суммасы улук жана жеке машыктыруучуга төлөнөт;
  • спортчунун акчалай сыйакысынын 10% өлчөмүндөгү суммасы биринчи машыктыруучуга төлөнөт.

* Олимпиада оюндарына барган Кыргызстандын улуттук курама командасынын улук тренери Жогорку Кеңештин депутаты Байгазы Кенжебаев.

Ал эми медицина кызматкерлерине Олимпиада оюндарынын чемпиондор жана олимпиадалык медалдын ээлери үчүн жалпы сыйлык фондунун 10% өлчөмүндө сыйакысы төлөнөт.