Президент Садыр Жапаров 23-августта «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга кол койду. Бут тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат», — деп айтылат билдирүүдө.
Басма сөз кызматтан Жапаров кол койгон документ ар кимдин маалымат ресурстарына жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында жарыяланып, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт деп билдиришти.
Мыйзамдын тарыхы
«Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору — бул «Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзамдын кайрадан иштелип чыккан варианты. Мыйзам долбооруна бир жыл мурда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков каршы пикир билдирип, кайрадан иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.
«Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзам долбоорун болсо депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Бирок көбүнчө Асылбаевага тиешелүү деп элге сиңип калган, себеби ал мыйзам долбоорун коргоп, сын айткан колдонуучуларды «фейктер жана троллдор» деп атаган.
Президент долбоорду кайра кароого жөнөткөндон кийин көпкө чейин унутта калган, бирок 31-майда мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн атайын топ түзүлгөн.
Бирок, 28-июлда парламент депутаттары мыйзам долбоорун үч окууда дароо кабыл алышкан. Анда 97 депутат «макул» деп добуш берген, болгону беш эл өкүлү «каршылык» кылган.
Мыйзам долбоору интернетте жалган маалымат таратылса соттун чечими жок эле колдонуучунун жүзүн ашкерелеп, сайттардын ишине бөгөт коёт.
Мыйзамдын 5-беренесинде интернет-провайдер, хостинг-провайдер, сайттын же барактын ээси жалган маалыматты алууга тыюу салат жана чектейт деп айтылат.
Мындан тышкары, интернет-провайдерлер, ачык маалымат берүү пункттарынын ээлери «абоненттерин идентификациялоого» милдеттүү.
Ал эми 4-беренеде интернеттеги сайттын же сайттагы барактын ээси «ага кат жолдоо үчүн» өз сайтында же барагында аты-жөнүн, инициалдарын жана электрондук дарегин көрсөтүшү керек деп жазылган.
Бул мыйзамга карата сын
Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом каршы чыккан.
«Институт Медиа Полиси» (ИМП) уюму болсо 28-июнда «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талдоого алган.
Кайрадан иштелип чыккан мыйзам долбоору менен таанышып чыккандан кийин, юристтер Жогорку Кеңештин депутаттары өз регламентин гана эмес өлкөнүн Конституциясын да бузган деген жыйынтыкка келишкен.
Андан сырткары, мыйзам долбоорунун ченемдери «Конституцияга, эл аралык келишимдерге каршы келет, адам укуктарын бузат жана өлкөнүн бюджети кескин тартыш болуп турган чакта мамлекеттик бийлик органдарынын функциялары негизгиз бири-бирин кайталап калат».
Юристтер депутаттардан мыйзамды кароодо аны четке кагууну өтүнгөн.
Аны менен катар, алар мыйзам долбоорунда анык эмес, жалган маалымат деп «кайсы бир адамдын ар-намысына доо кетирген же бедел-баркын түшүргөн жалган маалыматты жарыялоо, таратуу» эсептелерин белгилешкен. Бирок көп учурда мындай доомат менен сотко жогорку кызматтагы чиновниктер кайрылышат.
«Демек, аталган мыйзам долбоору ушул чөйрөдөгү адамдардын кызыкчылыгы үчүн, административдик ресурс аркылуу сындан коргонуу үчүн кабыл алынууда. Бул контекстте ыйгарым укуктуу органдын арыздарды көзкарандысыз карай аларын кепилдөө мүмкүн эмес, себеби ыйгарым укуктуу орган өзү да ошол адамдарга отчётту», — деп эсептешет алат.
Ошол эле учурда мыйзамда укуктук механизмдер бар, мындай талаштар жарандык арыз менен кайрылуу аркылуу сот тарабынан чечилет.
Алар мыйзам долбоору интернет-провайдерлерди абоненттерди идентификациялоого милдеттендирип, аларга кошумча иш жүктөп коёт деп дагы билдиришкен. Ошол эле учурда бул иш жүзүндө кандай болору белгисиз.