«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзам долбоору кайрадан талкууланат

Жогорку Кеңеш «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзам долбоорун талкууга кайтарууну көздөйт. Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 31-майда мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү маселесин карайт.

Эмне болгон мыйзам долбоору

«Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Гүшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Бирок көбүнчө Асылбаевага тиешелүү деп элге сиңип калган, себеби ал мыйзам долбоорун коргоп, сын айткан колдонуучуларды «фейктер жана троллдор» деп атаган.

Осмонова менен Асылбаева интернетте жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, андан тышкары, провайдерлерди колдонуучулар тууралуу маалыматты сактоого милдеттендирүүнү сунуштаган.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу орган жалган деп эсептеген маалыматка чектөө коё алат деп көрсөтүлгөн. Бирок Кыргызстандын учурдагы мыйзамына ылайык, мындай чечимди бир гана сот чыгара алат.

Ошол эле учурда аталган мыйзам долбоору Орусияда кабыл алынган ушундай эле мыйзам менен 64%га дал келет. Ал эми айрым беренелер эч өзгөртүүсүз көчүрүлгөн.

Мыйзамдын долбоору кескин сынга алынып, юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.

Коомчулуктун каршылыгына карабастан, парламенттин депутаттары мыйзам долбоорун жактырып, президент Сооронбай Жээнбековго кол коюу үчүн жөнөткөн. Бирок Жээнбеков мыйзамды кабыл албай, каршы пикирин билдирген.

Тема боюнча:

Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамды толуктоо үчүн артка кайтарды

Парламент «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды «тирилтүүнү» чечти — Бекешев