Президент Садыр Жапаров 29-августта Талас облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды. Бирок, Economist.kg басылмасынын маалыматына таянсак, ГЭСтин курулушу баштала элек, ал тургай долбоордун ишке ашыруу мөөнөтү дагы белгисиз.
Жалпы кубаттуулугу 25 мегаваттты түзүп, жылына орточто 92 млн кВт/саат өлчөмүндө электр энергиясын иштеп чыгуучу үч генераторлуу жаңы ГЭСти Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүнө куруу пландалууда.
«Иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, ага керектелчү каржылоо булактарынын көлөмү — 22,9 миллион АКШ долларын түзөт. Учурда аны каржылоо боюнча маселе Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен чечилип жатат жана маселе өнүккөн фазасында», — деп жазылат президентин басма сөз кызматынын маалыматында.
Долбоорду Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен «Улуттук холдинг компаниясы» ААКсы, ошондой эле «Чакан ГЭС» ААК ишке ашырат. Иштелип чыккан жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыкталууга тийиш.
«Бул долбоордун максаты энергетикалык компаниялардын кирешелүүлүгүн жогорулатуу эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү болуп саналат. «Бала-Саруу» ГЭСи электр тармактары үчүн жагымдуу жана ишенимдүү иштөө режимин түзүп берет», — деп белгиледи президент.
Жапаровдун айтымында, аталган долбоор ишке ашканда иштелип чыккан электр энергиясы сатылып, андан түшкөн каражат менен кабыл алынган финансылык милдеттенмелер толук жабылат. Муну менен өлкөнүн мамлекеттик бюджетине эч кандай оорчулук келбейт.
«“Бала-Саруу” ГЭСи Кыргызстандагы мамлекеттик кичи гидроэнергетиканын локомотиви болот. Алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө тынымсыз аракет жана өжөрлүк менен долбоор өз убагында ийгиликтүү аяктайт деп ишенем», — деп билдирди президент.
Мамлекет башчысы «Бала-Саруунун иштөө режими Киров суу сактагычынын сугат режими менен синхрондоштурулуп, акыркы технологияларды колдонуу менен заманбап жабдуулар орнотуларын убадалады. Плотинанын механикалык жабдуулары модернизация болот.
Жапаровдун айтымында, «Бала-Саруу» ГЭСинин курулушунан тышкары Камбар-Ата2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү, Токтогул жана Ат-Башы ГЭСинин модернизациясы, Папан, Орто-Токой, Төрт-Көл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди куруу, ошондой эле Камбар-Ата1 жана Кара-Көл ГЭСинин долбоорлору иштелип жатат.
«Бул долбоорлордун аякташы Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун толук чыңдаганга, бардык жарандарыбызды электр энергиясы менен толук камсыздаганга, ошондой эле эл аралык келишимдер боюнча электр энергиясын жеткирүү жаатындагы милдеттенмелерибизди аткарууга толук шарт түзөт», — деп баса белгиледи президент.
Кыргызстандагы энергетикалык кризис
Кыргызстан 2020-жылы суу тартыштыгынан улам энергетикалык кризиске кабылды — өлкөнүн электр энергиясынын негизги бөлүгүн Токтогул ГЭСи иштеп чыгат.
2020-жылы Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болгон.
2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.
Ошондой эле, Кыргызстан Түркмөнстан менен электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август-декабрь айларынын аралыгында Түркмөнстан Кыргызстанга 500 млн кв/сааттан ашык электр энергиясын берет.
Ал эми апрель айында президент Садыр Жапаров энергетика тармагын кризистен чыгаруу үчүн электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгууну сунуштаган.
Учурда кыргызстандыктар электр энергиянын 1 киловаттына 77 тыйындан төлөйт. Ошондой эле керектөөчүлөр үчүн 700 киловаттык чектөө коюлган. Бул эгерде бир үй-бүлө же ишкана коюлган чектен бир айдын ичинде ашып кетсе, анда алар 1 киловаттка 2 сом 16 тыйындан төлөп байштайт деген сөз.
Жапаров кадимки абоненттерди үч категорияга бөлүүнү сунуштаган: аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, алыскы жана тоолуу, катаал шартта жашаган аймактар жана жашоо-турмушу «кудайга шүгүр» үй-бүлөлөр.
«Турмушу начар үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салуу керк. Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми, жашоо-турмушу кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат», — деген Жапаров.
Ал эми Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргызстанда электр, жылуулук жана ысык суунун тарифтерин жогорулатууну сунуштаган. Калк үчүн тарифтерди «электр энергиясы үчүн эсептерге төлөөдө калктын күтүлбөгөн экономикалык кыйынчылыктарга туш болуусун болтурбоо максатында» акырындык менен көтөрүү сунушталган.
Бийлик калк үчүн 1 кВт/саат электр энергиясына 1,09 сом өлчөмүндөгү бирдиктүү тариф орнотууну каалаган. Ошол эле учурда, бийик тоолуу аймактардын тургундары үчүн кышында да, жайында да электр энергиясын колдонууга чектөө болбойт эле.
2023-жылы калк үчүн тарифти 1,48 сомго көтөрүүнү пландашкан.
Андан кийин инфляцияга ылайыктап өзгөртүү сунушу айтылган.
Бирок 14-июлда Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бермурзаев Жапаров менен сүйлөшкөндөн кийин, алар 2021-жылы электр энергиясына болгон баа өзгөрбөйт деген жыйынтыкка келгенин айткан.
«Президент келерки жылы айлыкты, пенсия, жөлөк пулду көбөйтмөйүнчө калкка электр энергиясынын тарифин көтөрбөйбүз деп айтты. Ошондуктан жаңы жылдан кийин айлык, пенсия, жөлөк пул көтөрүлгөн соң инфляциянын деңгээлине жараша апрель айынан кийин жаңы тарифтик саясатты киргизгенге аракет кылабыз», — деп билдирген министр.