Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып ала баштады

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып ала баштаганын 11-августта энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин башчысы Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков тийиштүү келишимге кол коюшту.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын энергетика министрлери келишимге кол коюу учурунда. Сүрөт: Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август-декабрь айларынын аралыгында Түркмөнстан Кыргызстанга 500 млн кв/сааттан ашык электр энергиясын берет.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, 9-августка чейин Түркмөнстан 19,2 млн кВт/саат электрэнергиясын берген. Бирок министрлик ведомство электр энергиясын кандай баада сатып алууну макулдашканын ачыктаган эмес.

Энергетика министрлигинен Түркмөнстандан жаратылыш газын дагы сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалашты.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 27-28-июндагы Түркмөнстанга болгон расмий иш-сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоо тууралуу макулдашышкан.