Энергетика министрлиги: 2021-жылы электр энергиясына болгон баа өзгөрбөйт

Энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев 2021-жылы электр энергиясына болгон баа өзгөрбөй турганын билдирди. Буга чейин энергетика министрлиги 1-сентябрдан тартып жаңы тариф киргизүүнү пландаган болчу.

Министрдин айтымында, электр энергиясына болгон жаңы тариф саясаты келээрки жылдан тартып киргизилет. Ал мындай чечим президент Садыр Жапаров менен жолугушуудан кийин кабыл алынганын билдирди.

«Президент келерки жылы айлыкты, пенсия, жөлөк пулду көбөйтмөйүнчө калкка электр энергиясынын тарифин көтөрбөйбүз деп айтты. Ошондуктан жаңы жылдан кийин айлык, пенсия, жөлөк пул көтөрүлгөн соң инфляциянын деңгээлине жараша апрель айынан кийин жаңы тарифтик саясатты киргизгенге аракет кылабыз», — деп билдирди министр «Азаттыкка» курган маегинде.

Электр энергиясына болгон тарифтер

Электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгуу керектигин азыркы бийликтегилердин арасынан биринчи Садыр Жапаров өзү айтып чыккан.

Учурда катардагы абоненттер эгерде айына 700 кВт/саатка чейин колдонсо 1 кВт/сааты үчүн 77 тыйындан төлөшөт. Бул чектөөдөн ашкандан кийин ар бир киловатт үчүн алар 2 сом 16 тыйындан төлөшөт.

Апрелде президент энергетикалык тармакты кризистен чыгаруу үчүн электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгууну сунуштаган. Жапаровдун сунушу боюнча, катардагы абоненттерди үч категорияга бөлүү сунушталган: аз камсыз, тоолу райондордун жана жашоо шарты жакшы тургундар.

«Турмушу начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салалы деген сунуш бар. Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. Тоолуу жана жашоо шарты оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми жашоо-турмушу Кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат», — деген Жапаров.

15-июнда энергетика министрлиги өлкөдө электр энергиясынын, жылуулуктун жана ысык суунун тарифин көтөрүүнү сунуштаган.

Калк үчүн тарифтерди «электр энергиясы үчүн эсептерге төлөөдө калктын күтүлбөгөн экономикалык кыйынчылыктарга туш болуусун болтурбоо максатында» акырындык менен көтөрүү сунушталууда.

Бийлик калк үчүн 1 сом 9 тыйын өлчөмүндөгү бирдиктүү тариф орнотуу пландаган. Ошол эле мезгилде, бийик тоолу аймакта жашаган элдер үчүн кышкы дагы, жайкы мезгилде дагы чектөөлөр болбойт. Суу тартыштыгына байланыштуу калктын негизги катмарына кыш мезгилинде 1000 кВт/ саат лимит коюу сунушу айтылган.

2023-жылы калк үчүн тарифти 1,48 сомго көтөрүүнү пландашкан.

Андан кийин инфляцияга ылайыктап өзгөртүү сунушу айтылган.

Көп өтпөй бир катар депутаттар министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго кайрылып, 1-августка пландалган электр энергиясына болгон тарифти көтөрүүнү артка жылдырууну өтүнүшкөн. Он депутаттын Мариповго кайрылуусунда тарифтерди жогорулатуу «социалдык жарылууга жана ири өндүрүш ишканаларынын жабылуусуна» алып келиши мүмкүн экени айтылган. Марипов тараптан эч кандай жооп болгон эмес.