«Атайын уюштурулган чагым». Момбеков айдоочуга кол салды деген айыптоого үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жолдогу жаңжал боюнча өзүнүн версиясын айтып берди. Анын айтымында, тескерисинче BMW машинасынын айдоочусу ага кол салган.

«Бул карандай калп. Мен өмүрүмдө айдоочу же жан сакчы жалдаган эмесмин. Жалгыз эле унаа айдап жүрөм. Кечээки окуя боюнча мен унчукпай эле коёюн дегем. [...] Бул окуя төмөнкүдөй болду: Ош базардан өткөндөн кийин ал киши менен жолумду кесип чыкты. Мен капталга өтүп, “Ай акшыңдабай эле айдасаң болот го” деп айтсам, мени сөгүп салды. Анын унаасын сүрөткө тартсам, “Сен эмнеге сүрөткө тартып жатасың?” деп оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жиберди. Мен ага деле көңүл бурган жокмун», — деди Момбеков.

Анын айтымында, айдоочу анын унаасын кууп жетип, депутаттын алдына келип токтогон. Унаадан түшүп келип, Момбековго кол салып, ачык турган терезеден бир нече ирет чаап жиберген.

«Ошол жердегилердин бардыгы көрдү. Артымда турган унаадан орус киши түшүп келип, айдоочуну унаасына отургузса болбой жулунуп, арессивдүү мамиле кылды. Бир аз жүргөндөн кийин кайра токтотту, түшүп сүйлөшсөм “Сен мени отругузам деп ойлоп жатасыңбы. Чыгып келгенден кийин сага жашоо бербейм” деп коркутуп баштады», — деп билдирди Момбеков.

Ошондон соң депутат ИИМдин башчысы Улан Ниязбековго телефон чалып, милиционерлерди жөнөтүүнү суранганын айтты. Алар келип, Момбеков менен чырдашкан айдоочуну алып кетишкен.

«Ким сабап салганын билбейм. Эгерде сабап салса ошолор [милиционерлер] сабап салды да», — деди ал.

Момбеков конфликттин бардыгы шайлоо алдында аны каралоо үчүн атайын пландалган деп эсептейт. Ошол себептен, бир-нече күндөн бери ИИМ окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат бербей жатат.

Депутат унаанын ичиндеги камерага түшкөн видеону тиркеген, анда BMW’нын айдоочусу аны кантип кууганы чагылдырылган.

Буга чейин, ЖМКлар Рыскелди Момбеков айдоочусу экөө таксистти сабаганын жазып чыгышкан. Милициядан болсо жолдогу жаңжалдан улам депутаттын үстүнөн «ур-токмокко алды» деген арыз түшкөнүн билдирген. Депутатка карата сотко чейинки өндүрүш башталганы кабарланган.