Мамлекеттик катчы: «Эч бир дин чектөөгө алынбайт»

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов 26-октябрда 2021-2026-жылдарга карата өлкөнүн Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын негизги жоболорун кыскача айтып өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Касмамбетов президент Садыр Жапаров сыяктуу эле мектептерге дин таануу сабактарын киргизүү керек экенин билдирди.

Ал мамлекет башчысыны 21-сентябрдагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында Кыргызстан демократия жолунан тайбай турганы боюнча сүйлөгөн сөзүн эске салды. Ошондой эле, дин тутуу эркиндиги баш мыйзам менен кепилденгенин кошумчалады.

«Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугу бардык конфессиялар үчүн бирдей шарттарды түзүү менен аныкталат. Эч бир дин чектөөгө алынбайт — бул Конституцияда так жазылган», — деп билдирди мамкатчы.

Жапаров 2-октябрда «2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Президенттин басма сөз кызматы жарлык элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо максатында иштелип чыкканын айтты.

Президент буга чейин Билим берүү министрлигине мектептерге дин таануу сабагын киргизүүнү тапшырган. Анын айтымында, «диний билимдин жоктугунан 11-классты бүткөн балдарды оной эле азгырып Сирияга алып кетип жатышат».