Милдеттүү эмдөөдөн өтпөгөндөргө административдик чара көрүлүшү мүмкүн

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофиликтика борборунан маданият тармагынын, эс алуу жайларынын, машыгуу залдарынын тейлөө кызматкерлерин жугуштуу ооруларга, анын ичинде коронавируска каршы эмдөөгө милдеттендирүү боюнча түшүндүрмө беришти.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысованын айтымында, мында COVID-19 каршы милдеттүү эмдөө жана дифтерия жана столбнякка каршы пландык эмдөө жөнүндө сөз болуп жатат.

«Биз маданият, эс алуу жана спорт тармагы үчүн эле эмес, башка тармакты да камтып кеңейтилген долбоорду жөнөттүк. Бирок тизмени этап менен кеңейтүү чечими кабыл алынды. Маданият министрлиги эмдөөнүн жүрүшүн көзөмөлдөп, эсеп жүргүзөт. Вакцина алгандардын тизмеси да Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан системага киргизилет. Эч ким жумушунан кетирилбейт. Анткени бул чөйрөдөгүлөр сыркоо адам менен көбүрөөк байланышта болгондуктан оору жугузуу кооптуулугу жогору болот. Жаңы камтылган тармактагылар да мугалим менен медиктер сыяктуу эле ыктыярдуу түрдө эмделет деп ишенем», — деди Ишенапысова Sputnik басылмасына курган маегинде.

Ал минкабдын милдеттүү вакцинация тууралуу чечиминде эмдөөдөн өтпөгөндөргө кандайдыр бир чара көрүлөрү тууралуу пункт жок экенин баса белгиледи.

«Жумуштан бошотуу тууралуу сөз жок, жөн эле башка өлкөлөрдөй эле милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүш керек, анткени бул тармактардажугузуу коркунучу жогору[…] Адам иштеген жерине жараша административдик чаралар көрүлүшү мүмкүн. Балким, алгач эмдөөнү каалабагандарга вакцинанын керектиги түшүндүрүлөт», — деп жыйынтыктады Ишенапысова.

Милдеттүү эмдөө

28-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Минкаб 2001-жылдагы «Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу» токтомго өзгөртүүлөр киргизилгенин кабарлады.

Чечимге ылайык, милдетүү эмделиши керек болгон адистердин тизмесине музей, көргөзмө зал, китепкана, спорт ордо, театр, концерттик зал, маданий жана оюн-зоок мекемелер, балдар оюн аянттары, балдар лагерлери, дене тарбия жана ден-соолук чыңдоочу комплекстер менен фитнес-клубдардын кызматкерлери кирди.

Тема боюнча окуңуз: Минкабдын чечимине ылайык дагы кимдер милдеттүү эмдөөдөн өтүшү керек

Үстүбүздөгү жылдын июнунун аягында саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо системасында иштеген кызматкерлердин баарын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирген.

Кийин, 15-июлда бийлик калкты эмдөөдөн өткөрүүнү тездетүү максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди милдеттүү эмдөөдөн өткөрүүнү киргизген.

Кыргызстанда эмдөө

Учурда Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm жана Sinovac (CoronaVac), ошондой эле Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен эмделсе болот. Ошондой эле өлкөгө гумжардам катары Казакстандын QazVac вакцинасы келген.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 29-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны 738 миңден ашык киши алды. Бул өлкөнүн 6,6 млн калкынын 11%ы.

Ал эми препараттын биринчи дозасын 969 миңден ашык адам алган — бул жалпы калктын дээрлик 15%ы.

Бийлик COVID-19га каршы эмдөө боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 млн элди эмдөөдөн өткөргүсү келет. «Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70% кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт», — деп билдиришкен 5-августта Республикалык штабдан.