Маданият министрлиги мыйзамдарды инвентаризациялоо учурунда КТРКнын макамы эмне себептен өзгөртүлгөнүнө түшүндүрмө берди. Ири медиахолдингди президенттин карамагына өткөрүп, каналдын байкоочу кеңешин жоюу маселеси көтөрүлүүдө — бул идея медиакоомчулукту тынчсыздандырып жатат.
КТРКнын курамына 6 телеканал: «КТРК», «КТРК Музыка», «Маданият-Тарых-Тил», «Баластан», «КТРК Спорт», «Ала-Тоо 24» жана беш радиостанция кирет.
Тема боюнча окуңуз: Медиакоомчулук КТРКга кайрадан мамлекеттик макам берүүгө каршы чыкты
Массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Салкын Сарногоева жыл сайын өтүүчү медиконференцияда КТРКнын макамы жөнүндөгү мыйзамдын долбоору «президенттин 2021-жылдын 5-майындагы тапшырмасына ылайык» иштелип чыкканын түшүндүрдү.
Сарногоева учурда телерадиокорпорация «толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат, бирок коомдук телеканал макамын алып жүрөт» деп белгиледи.
«Экинчи жагынан, коомчулук байкоочу кеңеш жана [КТРКнын] башкы директорун шайлоо маселесине кабылды. Биз өтө чоң коррупциялык көрүнүшкө күбө болдук. Баарыңыздардын эсиңиздерде болсо керек, акыркы саясий толкундоолор учурунда [бийликтин алмашуусуна алып келген 2020-жылдагы октябрь окуялары жөнүндө сөз болуп жатат] КТРКнын жетекчилигине кимди ким алып келди, канча акча бергени тууралуу аудио жазулар интернетке тарап кеткен», — деп белгиледи Сарногоева.
Сарногоеванын айтымында, КТРКнын макамын алмаштыруу — бул биринчи кезекте «өнүгүү», анткени КТРКнын «коомдук» макамы азырынча кагаз жүзүндө гана. Анткени адамдык фактордон улам канал «биздин элдин үнү» боло албай калды.
«[…] Адамдык фактор дайыма болуп келген, андыктан элдин үнүн жеткирүүчү канал катары калыптандырууга жетишээрлик мүмкүнчүлүк берген жок. Тилекке каршы, кыла алган жокпуз: байкоочу кеңештин мүчөсү акысыз эфир сураган, дагы бир нерсе болгон… Коррупциялык көрүнүш гана эмес, бири-бири менен байланышкан башка дагы [нерселер] болгон. КТРК тууралуу мыйзамдын долбоорунда байкоочу кеңеш болбойт, мамлекет башчысы тарабынан дайындоо болот», — деди ал.
Сарногоева дайындоо «маалымат тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы менен ишке ашарын» кошумчалады.
Тема боюнча окуңуз:
Юристтер президентке мыйзамдарды «шаша-буша» инвентаризациялоо кооптуу экенин эскертишти