Ноокатта 6 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы: Айдоочу камакка алынды

Сүрөт: ӨКМ

Алты кишинин өмүрүн алган жол кырсыкка шектелген айдоочу Ноокат райондук сотунун чечими менен 3-ноябрда 18 күнгө камакка алынды. Ал Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө изоляторуна кармалууда. Ал эми Ош облустук соту 11-ноябрда бул чечимди күчүндө калтырды.

Жол кырсык 13-июнга караган түнү катталган. Анда Ош — Баткен жолунун Ош облусунун Ноокат районунун аймагында Honda Fit жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагылышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен Matiz’дин айдоочусу жана төрт жүргүнчү окуя болгон жерден каза табышкан — алардын арасында 5 жаштагы наристе жана жаңы төрөлгөн ымыркай болгон.

Ал эми Honda Fit унаасында бараткан төрт жүргүнчү Ноокат аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бейтаптардын арасында 7 жана 3 жаштагы жаш балдар да болушкан. Кийинчерээк жүргүнчүлөрдүн бири ооруканада көз жумган.

Ноокат райондук ички иштер башкармалыгы «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» жана «Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» беренелери менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында милиция Honda Fit унаасынын 17 жаштагы айдоочусуна кылмышка шектелип жатканы жөнүндө кабарланма берилип, камакка алынган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын тогуз айында 5 437 жол кырсыгы катталып, анда 587 киши каза тапкан. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандардын саны 15,3%га көбөйгөн.