Ош — Баткен жолундагы кырсыктан алты адам каза тапты, алардын бири жаңы төрөлгөн ымыркай

Сүрөт: ӨКМ

Ош — Баткен жолунун 22-чакырымында жол кырсыгы катталып, алты киши каза тапты — алардын төртөө жаш бала. Ошондой эле дагы алты киши жаракат алып, ооруканада.

ӨКМден билдиришкендей, 13-июнга караган түнү аталган жолдун Ош облусунун Ноокат районундагы аймагында Honda Fit жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагылыша кеткен.

Анын кесепетинен бир аял, бир эркек жана бир жаш бала жеринде каза болгон. Жаракат алган тогуз адам ооруканага жеткирилген.

14-июнда жаракат алгандардын үчөөсү — 5 жаштагы нариста, 15 жаштагы өспүрүм жана жаңы төрөлгөн ымыркай да ооруканадан каза болду. Ал эми кырсыктан жаракат алган дагы үч жаш бала Ош облустук жана Ноокат райондук ооруканасында жатат.

Бир күндө 15 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы

Ошол эле күнү, 12-июнда, Бишкек — Ош жолунун 497-чакырымында «Мерседец-Бенц» оор жүк ташуучу унаасы менен «Хонда Одиссей» унаасы кагылышып, кесепетинен алты адам жеринде мерт кеткен.

Бул күнү дагы бир кырсык катталган — Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылындагы жол четинде токтоп турган «Фольксваген-Пассат» жеңил унаасын «Мерседец-Бенц» оор жүк ташуучу унаасы артынан сүзгөн. Анда айдоочу рулду башкара албай калган.

Кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 33 жаштагы аял 4 жана 1 жаштагы кыздары менен жеринде каза тапкан.

Ал эми 26-майда Бишкек — Ош жолунун 170-чакырымында «Тойота Камри» жеңил унаасы менен «МАН» оор жүк ташуучу унаасы кагылыша кеткен — анын кесепетинен жеңил унаанын ичинде бараткан беш киши — эки эркек, эки аял жана бир жаш бала жеринде жан берген.

Адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштаганынан улам президент Садыр Жапаров 14-июнда Ички иштер министрлигине жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырды.

Ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.

4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы унаа жол Садыр Жапаровду коштогон унаалардын бири аварияга учураган. Анда президенттин дарыгери каза таап, үч адам жабыркаган. Ал эми Жапаров өзү башка унаада болуп, жабыркаган эмес.