КММАнын имаратында медиктерге жана Адинай Мырзабековага арналган мурал пайда болду

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 7-жатаканасынын имаратында медиктерге жана Адинай Мырзабековага арналган мурал пайда болду.

Сүрөт: vesti.kg

Муралды ЖОЖдун тапшырмасы менен сүрөтчү Марлен Бакчиев тартканы белгилүү. Муралдын жалпы аянты 200 чарчы метр.

Дубалдын бир бөлүгүнө сүрөтчү 2020-жыдын 13-июлунда коронавирус илдети күчөп турган маалда каза тапкан ыктыярчы Адинай Мырзабекованы жайгаштырган.

Дубалдын экинчи бөлүгүндө Кыргызстандын желегининин фонунда медкызматкерлерге гүл сунуп жаткан кичинекей кыздын сүрөтү тартылган.

Ооруга кабылгандарды дарылап жүрүп жумушунда көз жумган

21 жаштагы Адинай КММАнын бешинчи курсунда окуп, COVID-19 жуктургандар жаткан стационарда бейтаптарды дарылап, ыктыярчы болуп иштеп жүргөн. Ал 2020-жылы 13-июлда каза тапкан.

Саламаттык сактоо министрлиги ошол күнү кечинде Адинайдын абала дароо оорлоп, тарамыштары тырыша баштаганын билдирген. Медиктер кызды 40 мүнөт эс-учуна келтирүү аракетин көрүшкөн, бирок ал ага карабай көз жумган. Кийин бийлик Адинай эки тараптуу пневмония болгонун айткан.

Бирок маркумдун кесиптештери менен жакындары Адинай саламаттыгына даттанбаганын, клиниканын жетекчилиги кыздын өлүмү үчүн жоопкерчиликтен кутулуп кетүү үчүн аларга кысым кылып жатканын айтышкан.

Ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Адинайдын үй-бүлөсүнөн кабар алып, өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекция каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн студент кызды «Эрдик» медалы менен (каза болгондон кийин) сыйлоо жарлыгына кол койгон.

2021-жылдын 12-июлунда Бишкектеги КММАнын имаратына Мырзабековага арналган эстелик ачылган.

Колодон жасалган бюстту Мырзабекованын тайпалаштары орнотушкан — алар 2021-жылдын бүтүрүүчүлөрү болушкан. Иш-чарага КММАнын ректору Индира Кудайбергенова, окуу жайдын кызматкерлери, андан тышкары, Адинайдын туугандары менен группалаштары катышкан.