КММАда стационарда иштеп жүрүп каза тапкан Адинай Мырзабекованын эстелиги орнотулду

Бишкекте 12-июлда КММАнын имаратында ыктыярчы Адинай Мырзабековага арналган эстелик ачылды. Ал стационарда COVID-19га кабылган бейтаптарды дарылап жүрүп, иш ордунда көз жумган.

Колодон жасалган бюстту Мырзабекованын тайпалаштары орнотушкан — алар 2021-жылдын бүтүрүүчүлөрү. Иш-чарага КММАнын ректору Индира Кудайбергенова, окуу жайдын кызматкерлери, андан тышкары, Адинайдын туугандары менен группалаштары катышты.

Ооруга кабылгандарды дарылап жүрүп жумушунда көз жумган

21 жаштагы Адинай КММАнын бешинчи курсунда окуп, COVID-19 жуктургандар жаткан стационарда бейтаптарды дарылап, ыктыярчы болуп иштеп жүргөн. Ал 2020-жылы 13-июлда каза тапкан.

Саламаттык сактоо министрлиги ошол күнү кечинде Адинайдын абала дароо оорлоп, тарамыштары тырыша баштаганын билдирген. Медиктер кызды 40 мүнөт эс-учуна келтирүү аракетин көрүшкөн, бирок ал ага карабай көз жумган. Кийин бийлик Адинай эки тараптуу пневмония болгонун айткан.

Бирок маркумдун кесиптештери менен жакындары Адинай саламаттыгына даттанбаганын, клиниканын жетекчилиги кыздын өлүмү үчүн жоопкерчиликтен кутулуп кетүү үчүн аларга кысым кылып жатканын айтышкан.

Ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Адинайдын үй-бүлөсүнөн кабар алып, өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекция каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн студент кызды «Эрдик» медалы менен (каза болгондон кийин) сыйлоо жарлыгына кол койгон.

Ошондой эле, 2-октябрда Жээнбеков маркумдун жакындары менен бирге Адинайдын ысымы ыйгарылган паркка барып, коронавирустун курмандыктарынын элесине арналып курулуучу стеланын макетин орноткон.