Коронавируска каршы эмдөө. Октябрь жана Свердлов районунун акимдерине сөгүш жарыяланды

Калкты коронавируска каршы эмдөө иш-чараларын толук кандуу уюштурбаганы үчүн борбор калаанын Октябрь районунун акими Мирлан Эшкожоев менен Свердлов районунун акими Бахтияр Карымшаковго сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрт райондун ичинен Октябрь менен Свердлов районунда коронавируска каршы эмделген жарандардын саны аз болгон.

Октябрь районунда 121 миң 101 адамдын ичинен 29 миң 807 адам гана эмдөөдөн өткөн.

Ал эми Свердлов районунда 107 миң 587 адамдын 55 миң 203ү гана эмдөөдөн өткөн.

Ошондой эле, эмдөө темпи алсыз болгонуна байланыштуу Бишкек мэриясы шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айбек Ибраимовго эскертүү берди.

Кыргызстандагы эмдөө

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык абалга оң таасирин тийгизип жатканын, бир да шаар же аймак «кызыл аймакка» кирбегенин белгилеген.

Кыргызстан боюнча эмдөө кампаниясы 2021-жылдын март айынын аягында башталган. Бирок элди эмдөөдөн өткөрүп баштоо өлкөгө Sinopharm кытай вакцинасынын экинчи партиясы алып келингенден кийин гана, июль айында башталган.

Ага карабастан, өлкөдө эмдөөнүн көрсөткүчү бийлик күткөндөй жогору болгон эмес. Муну минкаб дагы мойнуна алган жана «Кыргызстан эмдөө көрсөткүчү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда» деп белгилеген.

Өлкөдө учурда төмөнкү вакциналар жеткиликтүү:

  • Sinopharm;
  • Pfizer;
  • Sputnik Lite;
  • AstraZeneca;
  • QazVac.

Бардык препараттар менен эмдөө акысыз өткөрүлүп жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 28-декабрга карата 8 519 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 859 адам биринчи дозасын, ал эми 3 758 киши экинчи дозасын алды.