Акыркы суткада коронавирустан бир адам каза болуп, 46 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 28-декабрга карата коронавирустан бир адам каза болду, илдеттен 61 бейтап айыгып чыкты. Жуктуруунун 46 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан маалымдашты.

  • Бишкек шаарында — 19;
  • Чүй облусунда — 10;
  • Ысык-Көл облусунда — 5;
  • Жалал-Абад облусунда — 5;
  • Ош облусунда — 4;
  • Баткен облусу — 2;
  • Нарын облусу — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 552ге жетти. Өлкө боюнча 179 680 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 798 адам көз жумду.

Учурда 264 бейтап ооруканада, ал эми 325 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, 28-декабрга карата 8 519 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 859 адам биринчи дозасын, ал эми 3 758 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.