Орусиянын депутаты ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн биротоло Казакстанда калтырууну сунуштады

«Справедливая Россия — За правду» фракциясынын жетекчиси, депутат Сергей Миронов ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн биротоло Казакстанда калтырууну сунуштады. Бул тууралуу партиянын расмий барагында айтылат.

Сергей Миронов

Мироновдун пикиринде, бул «өлкөдө күтүлбөгөн көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана орус тилдүү калкты коргоо үчүн» керек.

«ЖККУ коюлган милдетин аткара алат. Орус десантчылары муну бир эмес, бир нече ирет далилдешкен: алар бар жерде тынчтык жана тартип бар. Казакстанда ыкчам аракет көрүү күчтөрүнүн курамында ЖККУнун бир же бир нече туруктуу базасын ачуу боюнча маселени көтөрүү керек», — деп билдирди саясатчы.

Ошондой эле ал Казакстанда экстремизм тамыр жайып кеткен, буга байланыштуу Орусия Казакстандагы орустарды коргоо маселесин көтөрүшү керек деп эсептейт.

«ЖККУ боюнча өнөктөрүбүз бул позицияны сый жана түшүнүү менен кабылдайт деп үмүттөнөм», — деп кошумчалады ал.

Мироновдун сунушун Мамдуманын КМШ иштери боюнча комитетинин башчысы Леонид Калашников да колдоого алды.

Орусиянын шарты

Буга чейин орусиялык журналист жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Фейсбукта Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү керектигин, бирок белгилүү шарттар болушу зарыл деп жазган.

«Крымды таануу, Кириллицаны кайтаруу, орус тилин Кыргызстандагыдай экинчи мамтил кылуу, орус мектептерин жайына коюу, антиорусиялык коммерциялык эмес уюмдарды кууп чыгаруу», — деп тизмектеген өз шарттарын Симоньян.

Ал «улутчулдар менен оюнга түшүүгө жол бербеген» түшүнүктүү боордоштук ички саясат болушу керектигин дагы билдирген.

ЖККУ жана Токаев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

Кийин Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун төрагасы Никол Пашинян ЖККУ Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтөрүн билдирген.

ЖККУнун Казакстандагы кампаниясына катышууга төрт мамлекет макулдук бергени кабарланган — Армения, Тажикстан, Орусия жана Кыргызстан.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин айтымында, Армения 100дөн 300гө чейин, Орусия — 1400, Беларус — 300, ал эми Тажикстан — 100дөн 200гө чейин аскер кызматкерин жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Жогорку Кеңштин жыйынында Кыргызстандан Казакстанга 150 адамдан турган өздүк курам, 8 бронетехника жана 11 машина жөнөтүлөрү белгилүү болгон.

Ташиев аскерлер жарандарга ок атып, митингдерге катышпай турганын, алар стратегиялык объектилерди кайтарышарын белгилеген. Ошол эле кезде кепилдик берүүдөн баш тарткан.

«Коопсуздук чараларын көрүшөт — бул табигый нерсе да. Бирок бул жерде эч кимге кепилдик берүү мүмкүн эмес. Бул бир өңчөй эмес кырдаал болуп турат, мындай чечимге биринчи жолу барып жатабыз», — деген Ташиев.

Казакстандагы митингдер суюлтулган газдын баасы кымбаттатылгандыктан 2022-жылдын 2-январында Маңгыстау облусунда башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку Кеңеш макулдугун берди: Казакстанга 150 кыргыз аскери жөнөтүлөт