Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралда өткөн маалымат жыйында кыргыз-тажик чек арасына байланышкан суроого да жооп берди. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери маселени үчүнчү тарапты кийлигишүүсүз чечүүнү макулдашканын белгиледи.
Жапаровдун айтымында, бул макулдашууга эки мамлекеттин өлкө башчылары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Бээжинге болгон сапарында жетишкен.
«Садыр Нуркожоевич эки өлкөнүн президенттери Тышкы иштер министрлерине чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырганын айтты. Азыркы тапта сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жатат. Ортодо процесс токтоп калган, себебин баарыңар билесиңер. Бир апта болду кайра жандандырылды», — деди ал.
Аны менен катар, минкаб төрагасы чек ара маселеси эки коңшу бир пикирге келгенде гана чечилерин баса белгилеп, азыркы күндө чек ара тилкесинин канча бөлүгү такталбай жатканын айта албасын кошумчалады.
Кыргыз-тажик чек арасы
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактардын азыркыга чейин тактала элек. Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиясы кайсы документтерге, картага таянуу керектиги боюнча бир пикирге келе элек.
Тажик тарап Ворух Тажик ССРинин курамында болгону көрсөтүлгөн 1924-1927-жылдагы картаны колдонуу керектигин айтса, Кыргызстан 1958-1959 жана 1989-жылдардагы картаны колдонуу керектигин айтып келет. Ворух аймагы 1950-жылдары Кыргызстанда анклав болуп калган.
Аталган аймактын тургундары арасында чыр-чатак жер, жайыт, суу талаштан улам такай чыгып турат. 2019-жылы да июль айында чыр чыгып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмон жаңжал болгон аймакта жолуккан.
Кыргыз бийлиги жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болуп, айрымдарына ок тийген. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканы туурасында кабарлаган.
Андан кийинки Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ири куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган. Ал күнү эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытып, кийин ок атуу башталган. Буга «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында иш жүргүзүү себеп болгон. Ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусу 1-майда өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жетишилген.
Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашуун адам түрдүү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 жаран каза таап, 80ден ашык киши жарадар болгон.
Ал эми 2022-жылы 27-январда Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактарда кайрадан чыр чыккан. Алгач саат 17:50дө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары келип, таштар менен Баткен — Исфана автожолун тосуп алышкан. Тажик чек арачылары болсо жаңжалды «кыргыз тарап ырбатты» деп билдирген.
Саат 19:30да эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, ок атуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы окту биринчи болуп тажик аскерлери чыгарды деп маалымдаган. Ал эми Тажикстандын чек арачылары бул маалыматты четке кагып, «жаңжалдын чыгышына кыргыз тарап күнөөлүү» деп билдирген.
Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан миномёт жана гранатомёт менен ок атканын кабарлаган. Ал эми Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарап учкучсуз учуучу учактарды колдонуп «Тажикстандын аба мейкиндигин бузду» деп билдиришкен.
Кыргыз бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалда келтирилген материалдык чыгым 3 миллион сомду түзгөнүн кабарлады. Чек арадагы ок атышууда эки сарай өрттөлүп, бир нече турак жай жана эки унаа талкаланган. Ошондой эле бодо мал уурдалган фактылар катталган.
Ал эми Тажикстандын Исфара шаарынын мэриясы жаңжалдын чыгымы 1,5 млн сомони (болжол менен 133 000 доллар) түзгөнүн кабарлады. Тажик бийлиги чырда 52 турак жай жараксыз абалга келгенин белгилеген.
Дагы окуңуз: