Баткендин тургундары Ворух анклавына жол курууга каршы митинг өткөрдү

Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылынын 20дай тургуну 14-майда обладминистрациянын алдында митинг өткөрдү. Алар Тажикстандын Хожаи Аъло айылы менен Ворух анклавын туташтырган альтернативдүү жолдун курулушуна каршылыгын билдиришти.

«Мен бардык чек ара чыр-чатактарын башымдан өткөрдүм. Бийликтен жерибизди коңшуларга бербегиле деп митингге чыктык. Жолдун курулушуна байланыштуу акыркы протокол бизди аябай тынчсыздандырат. Бул туура эмес. Эгер жол салынса биздин аймак эки бөлүккө бөлүнөт. Эгер жолду Тажикстан колдонсо, анда эртең дагы бир жаңжал чыкса, бүт аймак блокадада калбайт дегенге кепилдик жок. Жол курулса, бизге суу да келбей калат. Анда биз кантип жашашыбыз керек?» — деди чогулгандардын бири Раат Калматова.

Активист Гүлжигит Исаков фейсбукка жүктөгөн сүрөттөрдөн митингдин катышуучулары аялдар экенин көрүүгө болот — алар колдоруна «жол берилбейт» деп жазылган транспаранттар менен чыгышкан.

«Аксайлык туугандар Лейлек району толугу менен жана Баткен районунун үч айыл өкмөтү эксклавда калышын каалашпайт! Кыргызстандын башка аймактарынын жашоочулары дагы ушунлай ойдо деген үмүттөбүз», — деп жазды активист.

Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова чогулгандарды облус башчысы Абдикарим Алымбаев жана Баткен районун акими Учкунбек Жоробаев кабыл алганын билдирди.

Анын айтымында, аялдар жолдун курулушунан сырткары жаңжалдан кийинки жабыркаган турак үйлөрүн жана жоголгон документтерин калыбына келтирүү маселесин коюшкан.

«Облус башчысы “элдин зарыл болгон муктаждыктарын кыска аралыкта чечүүгө бардык аракеттер көрүлүп жатканын” айтты. Ал эми Ворухка жол тууралуу чек араларды делимитация-демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия жергиликтүү элдин суроо талабын, сунуштарын сөзсүз эске алаарын жана мамлекеттин кызыкчылыгы корголоорун белгиледи», — деди Бердикулова.

Жолугушуудан соң чогулгандар үйлөрүнө тарап кеткен.

Хожаи Аъло — Ворух жолун куруу тууралуу келишим

6-майда Кыргызстан менен Тажикстан Ворух анклавына барчу альтернативдик жол куруу боюнча келишим түзгөнү белгилүү болду. Аталган жол Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырып, ал Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы. Бирок Тажик тарап аны өзү колдонот жана жолду өзү тейлейт.

Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат. Президент Садыр Жапаров айткандай өкмөт жарыялаган билдирүүдө жол Баткенге караштуу болоору жазылган эмес.

Келишим тууралуу маалымат тарагандан соң коомчулукта кызуу талкуу жаралып, көпчүлүк Ворухка жол берилишине каршы чыккан.

Баткен облусунун экс-губернатору Султан Айжигитов жол бериле турган болсо «коридор өтүп, Баткен районунун жарымы, Лейлек району, Сүлүктү шаары толугу менен бир анклав болуп калат» деп эскерткен.

Алгач жол боюнча президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы, чек ара делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев үн каткан эмес. Ал эми келишим жарыяланган күнү, 6-майда Баткендин Максат айылынын тургундары менен жолугушууда, президент Садыр Жапаров аталган жол тууралуу суроо берген балдарды «чагымчыл» деп атаган.

Ошондой эле жол Ворухка коридор болоорун четке кагып, жолду «Баткенге тиешелүү деп көрсөтүп жатабыз» деп айткан. Мындан сырткары УКМК төрагасы кийинчерээк үн катып, «Жол Баткен районунун көзөмөлүндө экени документте так көрсөтүлгөн» деп айткан.

«Тажикстандын жарандары үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабындагы жол колдонулат. Жол Баткен районунун көзөмөлүндө экени документте так көрсөтүлгөн. Анын статусу өзүнчө мамлекеттер аралык келишим менен аныкталат», — деген ал.

Кыргызстан менен Тажикстан Хожаи Аъло — Ворух жолун курууну макулдашты