Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Викрам Рузахуновду Алматыга чакырды

Алматыда убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылганын айткан кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузахунов Казакстанга барууну пландап жатат. Анын айтымында, Казакстандын коррупцияга каршы кызматы анын катышуусунда тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Алматыга чакырган.

«Башымдан өткөн кыйынчылыктар жана коркунучтар дале көз алдымда болгондуктан Алматыга баруудан алгач таптакыр баш тарттым. Адвокатым Нурбек Токтакунов Казакстандын Коррупцияга каршы кызматынын тергөөчүсүнө Кыргызстанга келүүнү сунуштады», — деп жазды музыкант Инстаграм барагына.

Бирок Казакстандын кызматы Рузахунов өзү кармалган жерди, аны алып барышкан имаратты, кармап отурушкан камераны жана кыйноого алган адамдарды жеке өзү көрсөтүп бериши керектигин айтып туруп алышкан.

«Бул нерсе сөзсүз түрдө барышым керек экенине ынандырды. Нурбек мырза мени коштоп барууга макул болду, бирок Казакстанда баары эле тергөөгө жардам берүү үчүн менин барышыма кубанычта боло бербей турганын айтып кооптонду. Андан тышкары, эгер Казакстанда дагы башаламандыктар башталып кетсе, биздин өмүрүбүз кайрадан коркунучта калат», — деп кошумчалады музыкант.

Натыйжада ал кыргыз бийлигине аны Казакстанга коштоп барууну жана казак бийлигинен коргоого кепилдик беришин өтүнүп кайрылды. Рузахунов «шектүүлөрдүн белгилүү бир катары аныкталган күндө гана» Казакстанга бара турганын белгиледи.

«Эгер андай болбосо казак тергөөчүлөрү өздөрү Кыргызстанга келип, мени суракка алса болот», — деп жыйынтыктаган ал.

Викрам Рузахуновдун кыйноого кабылышы

9-январда Казакстандык ЖМКларда «башаламандыктарга катышуу үчүн Кыргызстандан келген» делген кыргыз жарандын катышуусу менен тасма жарыяланган.

Анда кармалган киши аны менен «бейтааныш адамдар байланышка чыгып, митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге (17,5 миң сом) сунуштаганын» айткан.

Ал эми соцтармактардын колдонуучулары жана анын жакындары аталган киши кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузахунов экенин айтып чыгышкан.

Бирок Казакстандын Ички иштер министрлиги кармалган кишинин аты «Закир Убуров» деп ишендирүүгө аракет кылган. Андан кийин Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Рузахуновду колдоо митинги өткөн.

10-январда Рузахуновду Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов баштаган кызматкерлер бошотуп келген.

Бишкекке алынып келинген күнү музыканттын бети-башы көкала болуп, бир буту акчап баскан. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Рузахунов кармоо маалында күч түзүмдөрү тарабынан сабалганын айтып, жаркаттарын ошону менен байланыштырган.

Кийин джазмендин кабыргасы сынып, баш мээси чайкалганы аныкталган. Ага операция да жасалган. Көп өтпөй Викрам Рузахунов Алматыда кармалгандан кийин кыйыноолорго кабылганын айтып чыккан. Ал башында эле бул тууралуу айтпаганын Казакстанда кармалып, бошотула элек башка кыргыз жарандары да бар болгону менен түшүндүргөн.

Тема боюнча окуңуз:

Викрам Рузахунов: Жылаңачтап чечинтип, автомат менен омурткага ургулашты

Викрам Рузахунов кабыргалары сынып, баш мээси чайкалганын айтып берди