Викрам Рузахунов кабыргалары сынып, баш мээси чайкалганын айтып берди

10-январда Казакстандан Кыргызстанга алып келинген музыкант Викрам Рузахунов Инстаграм барагына медициналык кароодон кийин бир катар жарааттар аныкталганын жазды.

Викрама Рузахуновдун барагынан скриншот

Музыканттын айтымында, үйүнө кайтып келгенде болгону бир нече жаракат алдым деп ойлогон. Бирок агасы айткандан кийин медициналык кароодон өтүп, абалы орто оор экенин билген.

Рузахунов көкүрөгүнөн жараат алып, кабыргалары сынып, баш мээси чайкалганын жана кабырга кемирчеги жарылганын айтып берди.

«Жандандыруу бөлүмүнө алып барып операция жасашты. Ошондон бери даарыланып жатам, үч оорукана алмаштырдым. Канчалык кыйналганымды жакындарым жана медицина кызматкерлери гана көрүштү», — деп жазды музыкант.

Ал буга чейин башаламандыкка катышканы тууралуу видеосу «казак ЖМКларына чыгып», ал кандай резонанска «түрткү» болгонун түшүнбөй жатканын дагы кошумчалады.

«Азыркы тапта абалым аздыр-көптүр турукташып калгандыктан болуп өткөн окуялардын кандай болгону көз алдыма тартылып жатат.

Байкуш болуп көрүнгүсү келип жатат деп ойлобогула. Тескерсинче, максатым — диванда отуруп соттогонду жакшы көргөндөрдүн баарына, ошондой эле ачык-айкындыкты көрүп жыйынтык чыгара албагандарга “силер ал жерде болгон эмессиңер жана эмнелерден өткөнүмдү билбейсиңер” деген ойду жеткиргим келет», — деп жазды ал.

Рузахуновдун айтымында, анын видеодо башаламандыкка катыштым деп айткандары «Казакстанда барымтада тургандар» үчүн да атайын айтылганын, себеби алардын көпчүлүгүнүн үй-бүлөсү жана балдары бар эле, кээ бирлери болсо үй-бүлөнүн жалгыз камкорчусу болчу.

Кармоо учурунда музыканттын бардык документтерин, акчасын жана банктык картасын алып коюшкан, аларды азырга чейин кайтарып берише элек.

Рузахунов ЖМКларга да кайрылып, ага «ар кандайдыр бир интервью берүүгө тыюу салынганын» эскертип, туугандарынын жана жакындарынын тынчын албоону өтүндү.

«Ыраазычылык билдирүү үчүн өзүнчө пост жазып, менин кармалышым боюнча чындап тынчсызданып, кайдыгер болбой, аракет көргөн ар бир кишини белгилеп кетүүгө аракет кылам», — деп сөзүн жыйынтыктады музыкант.

Рузахуновдун бошотулушу

Казакстандагы башаламандыктарга катышкан делип кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов мекенине 10-январь күнү кечинде алып келинген.

Дагы окуңуз: Кыргызстандык пианисттин окуясы Казакстандын бийлигинин калпын ашкереледи

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кармалганы тууралуу «Хабар 24» казак телеканалынын видеосунан белгилүү болгон.

Телеканалдын эфиринен 200 долларга Алматыга башаламандыкка катышуу үчүн келген жумушсуз кыргызстандык экенин айтып берген бети башы көгала адамды көрсөтүшкөн. Муну менен казак бийлиги митингдерге башка өлкөнүн жарандары катышканын жана мунун баары сырттан пландалганын деп көрсөткүсү келген.

2-январда Алматыга гастролго кеткен джазмек Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон, аны видеодон туугандары, достору жана кесиптештери таанып калган.

Рузахуновду Кыргызстанда резонанс жаралгандыктан улам бошотууга мүмкүн болгон. Музыкант өзү мекенине кайткандан кийин видеодогу сөздөрдү Бишкекке депортацияланышы үчүн атайын айтканын билдирген. Казак бийлиги Рузахуновдун кармалышы боюнча азыркыга чейин эч кандай билдирүү жасай элек.

Рузахуновдон тышкары казак полициясы тарабынан кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыков да сабалганы белгилүү. Ал дагы Бишкекке алып келинген, буту жана кабыргасы сынып госпиталга жаткырылган.

Дагы окуңуз: Пианист Викрам Рузахунов: Чынында, тирүү, деним сак экенине кубанычтамын