Акыркы эки жыл Кыргызстанда шайлоолорго бай болду. 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодон соң өлкөдө бийлик алмашты. Анткени жеңишке жеткен партиялар админресурс колдонууга, добуш сатып алууга жана шайлоочуларды жапырт каттоого айыпталган болчу. Жаңы бийлик болсо мындан аркы шайлоолор «таза» өтөрүн жана «бийликчил партия» деген түшүнүк жоголорун убадалаган.
Биз акыркы үч парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жана партиялардын шайлоо өнөктүгүнө канча акча сарптаганын анализдедик. Алынган маалыматтар Кыргызстанда парламентке өтүү үчүн акча керектигин кыйыр түрдө тастыктады. Бирок ошол эле учурда бийлик менен байланыш, административдик ресурс жана добуш сатып алуу факторлорун эске алуу керек. Акыркы эки факторду далилдөө кыйынга турат.
2015-жылдагы парламенттик шайлоо
Алтынчы чакырылыштын депутаттары шайланып келген 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон баштасак. Анда Жогорку Кеңешке 14 партия ат салышып, алардын алтоо 7 пайыздык босогодон өткөн.
120 мандат КСДП, «Республика — Ата-Журт Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата мекен» партияларынын арасында бөлүштүрүлгөн.
Аталган партиялардын баары биригип шайлоо өнөктүгүнө Жогорку Кеңешке өтпөй калган башка партияларга караганда үч эсе көп акча сарпташкан.
Мандаттардын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн «президенттин» КСДП партиясы алган. Ошондой эле парламентке УКМКнын азыркы төрагасы Камчыбек Ташиев менен саясатчы Өмүрбек Бабановдун «Республика — Ата-Журт» партиясы да өткөн.
Мындан сырткары мандатка шайлоого биринчи жолу катышкан бийликке лоялдуу партиялар да илешкен — «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Бир Бол».
Ал эми саясатчы Өмүрбек Текебаев баштаган бай тарыхы бар, оппозициялык «Ата Мекен» партиясы парламентке эң аз мандат менен өткөн.
Негизинен, партиялар акчаны үгүт иштерине коротушат — медиаларга жарнама берип, баннерлерди чыгартып, үгүтчүлөр үчүн акы төлөшөт.
2020-жылдагы парламенттик шайлоо
2020-жылы БШКнын алдын ала маалыматтары боюнча парламентке төрт партия өткөн: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан». Биринчи эки партия шайлоого алгач ирет катышып жатканына карабай добуштардын дээрлик 50%ын өз ара бөлүп алышкан.
Биринчи орунду алган «Биримдик» партиясы «бийликчил» деп сыпатталган, анткени партиянын катарында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, алтынчы чакырылыштын депутаты — Асылбек Жээнбеков болгон.
Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясын таасирлүү Матраимовдор кланы менен байланыштырышкан — ага-инилердин улуусу, алтынчы чакырылыштын депутаты Искендер Матраимов шайлоого ушул партия менен барган. Ошондой эле партиянын тизмесинде Бажы кызматынын экс-төрагасы Райымбек Матраимовдун жакын кишилери болгон. Бул партия шайлоо өнөктүгүнө баарынан көп акча короткон.
«Кыргызстан» да бийликке лоялдуу партия деп эсептелген. Бул партия менен шайлоого алтынчы чакырылыштагы парламентарийлер жана экс-депутаттар катышкан. Партиянын башкы демөөрчүсү деп алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов аталган.
Бул шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» «өзгөчөлөнгөн». Ал шайлоого жеңишке жеткен үч партияга караганда алда канча аз каражат коротуп, бирок 7%дык босогодон өткөн.
Жалпысынан 2020-жылдагы шайлоого 668 млн сом сарпталган — бул 2015-жылга караганда 15%га аз.
Шайлоонун эртеси, 2020-жылдын 5-октябрында, шайлоодон өтпөй калган партиялардын миңдеген тарапташтары Бишкекте митинг өткөрүшкөн. Алар шайлоо массалык бузуулар менен өткөнүн айтышып, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Чогулгандар негизинен бийликчил «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларын админресурс колдонууга жана добуш сатып алууга айыпташкан.
Жыйынтыгында өлкөдө бийлик алмашкан, ал эми БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга мажбур болгон.
2021-жылдагы парламенттик шайлоо
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан жана жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдум өткөндөн бир жылдан соң, 2021-жылдын 28-ноябрына жаңы шайлоо дайындалган. Жаңы мыйзамга ылайык, шайлоо аралаш система менен өткөн: 54 мандат партияларга, 36 мандат бир мандаттуу округдардагы талапкерлерге тийген.
Кайра шайлоодо партиялардын чыгымдары кыйла азайган, бирок Жогорку Кеңешке бийлик менен байланышы бар партиялар жана шайлоо кампаниясына эң көп акча жумшагандар өткөн.
Биринчи орунду алган «Ата-Журт Кыргызстан» баарынан да көп каражат короткон. Партияны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланыштырышат. Анткени анын Ташиевдин тарапташы жана мурдагы партиялашы Айбек Маткеримов жетектейт. Бирок Ташиев да, партия лидери Маткеримов да бул маалыматты четке кагып келишет.
Анткен менен Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине дал ушул «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланган эле. Анда Ташиев шайлоого чейин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып уулуна ийгилик каалаган.
Ал эми «Ишеним», «Ынтымак» жана «Альянс» партиялары бийликке жакын болуп эсептелген. Анткени партиялардын кандидаттары үгүт иштери учурунда жана теледебаттарда азыркы бийлик менен тилектеш экенин көрсөтүшкөн. Мындан сырткары бул партиялар парламенттик шайлоого биринчи жолу катышканына карабай Жогорку Кеңешке өткөн.
Анткен менен партиялардын тизмесинде шайлоодо тажрыйбасы бар аткаминерлер да болгон. Талапкерлердин айрымдары 2020-жылдагы парламенттик шайлоого башка партиялар менен катышышкан.
Ал эми кайра шайлоодо оппозициялык жана бай тарыхы бар «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Жогорку Кеңешке өтүү үчүн жалгыз гана жетиштүү добуш ала алган. Партия бул жолу да үгүт иштерине аз акча короткон. Анткени партиянын өзүнүн электораты бар.
Ал эми «Ыйман Нуру» партиясынын шайлоого катышуу тажрыйбасы болгон. 2020-жылдагы шайлоодо партия 7%дык босогодон өтө алган эмес. Кайра шайлоодо партия Жогорку Кеңешке өтө алды. Партиянын урааны: Ыймандуу бийлик — берекелүү жашоо! деп аталган. «Ыйман Нуру» ийгиликке программасында динге басым жасагандыктан да жете алды десек болот.
Саясат талдоочулар эмне дейт?
Саясат талдоочу Айбек Теңизбаевдин айтымында, шайлоодо бирдей шарт түзүп берүү үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, шайлоо өнөктүгүнө колдонулуучу акчанын көлөмүн аныктап берүү керек.
«Мисалы, партиялардын акча сарптоосуна чек коюп койсо болот. Мындай усул көптөгөн европалык мамлекеттерде колдонулат. Же болбосо мамлекет шайлоо алдында партияларга белгилүү бир суммадагы акчаны бөлүп берсе болот — мындай учурда партиялар ошол акчаны гана иштеткенге уруксат берилет. Мындан ашыкча колдонууга мы йзам тыюу салат», — дейт Теңизбаев.
Мындан сырткары эксперт 28-ноябрдагы шайлоодо былтыркы жылга салыштырмалуу бирдей шарт түзүү аракети болгонун, бирок бул бийликтин колунан «анчейин келбегенин» кошумчалады.
«Азыркы учурда бизде партиялык институттар жакшы өнүккөн эмес. Мисалы Кыргызстанда добуш алуу үчүн партиянын бай тарыхы болушу шарт эмес. Жаңы партия түзүп, ага белгилүү кишилерди кошуп, бюджетти белгилүү бир суммага жеткирип шайлоого барып аны жеңип алса болот», — деп түшүндүрдү ал.
Учурда шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 62-беренесинде чектөөлөр бар: партия шайлоо өнөктүгүнө 300 млн сомдон ашык акча корото албайт. Анткен менен саясий эксперт Эмил Жураев көпчүлүк партияда мынча акчаны коротуу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан бул чектөө «мааниге деле ээ эмес» деп эсептейт.
Ошол эле учурда Жураев эгер сарптоого болгон чекти түшүрсө бул расмий эмес коротуулардын өсүшүнө алып келет дейт.
«Ал сумманы азайтса тымызын, бекитилип сарпталган акчалардын көлөмү чоңоёт. Бирок кайсы бир деңгээлде азыр деле чектин бар экенине карабай туруп расмий көрсөтүлгөн суммадан бир-нече эсе көбүрөөк акча сарпталганы айтылып эле жүрөт. Анткени агигаторлорго ашкере сарпталган, добуш сатып алууга чыгымдар албетте, отчёттордо көрсөтүлбөйт. Андай суммалардын таасири өзгөчө чоң», — деди ал.
Ошондой эле ал эгер тымызын акча коротууга бөгөт коюу мүмкүн болсо, анда чекти түшүрүү өз жыйынтыгын бериши мүмкүн экенин кошумчалады.
Авторлору: Айбике Адилет кызы, Элвира Султанмурат кызы
Дата-редактору: Андрей Дорожный
Редактору: Анна Капушенко
Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган. Түзгөндөр: «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары.
Программанын ментору — Андрей Дорожный.
Материалдагы ой-пикир жана тыянактар сөзсүз эле «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.