Орусия Украинага кол салган күндөн тарта өлкөдөн 2 миллионго чукул жаран качып чыкты. Бул тууралуу 8-мартта Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча комиссары Филиппо Гранди Твиттеринде билдирди.
«Бүгүн Украинадагы качкындардын саны эки миллионго жетти. Эки миллион», — деди Гранди.
БУУнун агенттигинин маалыматына ылайык, качкындардын басымдуу бөлүгү, 1,2 млн киши Польшага чыгып кетти. Ошондой эле Венгрияга — 191 миң, Словакияга — 140 миң, Орусияга 99 миң, Молдова жана Румынияга — 82 миңден, Беларуска — 453 киши качкан. Ал эми башка Европа өлкөлөрүнө 210 миң украиналык чыгып кетти.
Буга чейин Гранди Украинадагы качкындар кризисин Экинчи дүйнөлүк согуштан берки «эң тез өсүп жаткан кризис» деп атаган.
Украинадагы согуш жана анда кыйылган өмүрлөр
24-февралдын таңында Орусия Украинага бастырып кирип, ошондон бери өлкөнүн бардык аймактарына абадан ракеталык жана артиллериялык сокку урууда.
Аскерий агрессиянын башталышында Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик инфраструктурасына гана сокку урарын айткан. Бирок, марттын биринчи күндөрүнөн тартып эле артиллериялык жана авиациялык соккулардан Украинанын ар кайсы шаарларында көптөгөн турак үйлөр талкаланган.
БУУ 24-февралдан 6-мартка чейинки аралыкта Украинада 406 жай тургун каза болгонун, дагы 801 киши жарадар болгонун кабарлаган. Каза болгондордун 27cи жаш балдар.
Украинанын Башкы штабынын 6-марттагы маалыматына ылайык, согушта 11 миңдей орусиялык аскер каза тапкан. Бирок канча украиналык жоокер каза тапканы расмий ачыктала элек.
Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 2-мартта согушта 498 аскер каза болуп, 1 597 жоокер жарадар болгонун кабарлаган. Ошондой эле орус бийлиги 2 870 украин жоокери каза таап, 3700 киши жарадар болгонун билдирген.
БУУнун маалыматына караганда, адамдардын көпчүгү кеңири радиуска тараган жардыруучу артиллериялык жана ракеталык снаряддын огунан, ошондой эле абадан жааган октон көз жумуп, жарадар болгон.
Бирок БУУ курман болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн деп эсептейт.
Уюмдан мурда согуштук аракеттер жүрүп жаткан украин шаарларында гуманитардык кыйроолор болушу мүмкүн деп эскертишкен. БУУ тараптарды ок атууну токтотуп, тургундар согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактардан коопсуз жайга чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридорлорду ачууга чакырган. Коридорлор согуш жүргөн аймакка гуманитардык жардам жеткирүү үчүн дагы керек.
Гуманитардык коридор ачылганы тууралуу эки жолу жарыяланган — 5-6-мартта — бирок эки жолу тең ишке ашкан эмес. Буга эки тарап тоскоол кылды деп бири-бирин айыптаган.
7-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги «тынчтык режимин» жарыялап, Киев, Харьков, Сумы жана Мариуполь шаарларында гуманитардык коридорлор ачылганын билдирген. Бирок Орусия бул коридорлор аркылуу качкындарды өзүнүн аймагына, ошондой эле Орусиянын Украинага кол салышын кубаттаган Белорус өлкөсүнө өткөрүүнү пландап жатат. Бул Украин бийлигин канааттандырган эмес.