БУУ Орусиянын Украинага кол салуусун айыптады, орус бийлиги 500дөй аскери каза тапканын айтты

Орусиянын Украинага кол салып, согуштук аракеттерди жүргүзүп жатканына сегиз күн болду.

БУУнун Башкы ассамблеясы резолюция кабыл алып, Орусиядан «Украинанын эл аралык жактан таанылган чек арасындагы аймактардан бардык куралдуу күчтөрүн толугу менен, токтоосуз жана үндөбөстөн чыгарып кетүүсүн» талап кылды. Резолюцияны Сербияны кошуп 141 өлкө колдоду.

35 өлкө, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан добуш берүүдөн карманды, ал эми Орусия, Беларус, КЭДР, Сирия жана Эритрея резолюцияны кабыл алууга каршы добуш беришти.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага кол салган күндөн тартып жоготкон аскерлеринин санын ачыктады. Алардын маалыматына караганда, Украинадагы «атайын операцияда» (Орусия согушту ушинтип атап жатат) 498 орус аскери каза тапкан.

Бирок украин тарап орус тараптан каза тапкандар боюнча башкача маалыматтарды берүүдө. Алсак, Украинанын президенти Владимир Зеленский орус тарап бир жуманын ичинде 7-9 миң аскерин жоготконун билдирди.

3-мартта Беловеж чер токоюнда Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы өтөт. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия өз талабынан кайтпаганын айтууда: Крымды Орусияга таандык деп таануу, Донецк жана Луганс облустарынын чек арасындагы «ДЭР» жана «ЛЭР» көз карандысыздыгы, Украинаны куралсыздандыруу жана аны «денацификациялоо».

Украина президентинин кеңешчиси жана өлкөнүн делегациясынын мүчөсү Михаил Подоляк Орусия «элдик согушка» тартылганын моюндашы керек деп эсептейт, себеби согушта «орус мамлекетинин, орус коомчулугунун, орус экономикасынын потенциялы күн санап кыскарып» жатат.

Украинанын ӨКМи ар башка шаарларда жарандык объектилерге соккулар уланып жатканын билдирүүдө. Олуттуу аткылоого Киев жана Харьков шаарлары кабылууда, Харьковдо Успен чиркөөсү чабуулда калган — бул тууралуу «Украинская правда» жазды.

Орус танктары басып алган Херсон шаарынын мэри «куралчан конокторго» шаар тургундарынын эрежесин айтып бергенин билдирди: коменданттык саатты сактоо, экиден гана киши шаардан чыга алат, ал эми автоунаалар эң жай ылдамдыкта жүрүшү керек.

«Азырынча ушундай. Украинанын туусу бизде. Ал ошол бойдон калышы үчүн талаптарды аткарууга туура келет. Азырынча мындан башка эч нерсе сунуштай албайм», — деп жазды ал.

Орусияда согуштун шартында мамлекеттик цензура күчөп жатат. Роскомнадзор The Village басылмасын жапты, ошондой эле The New Times, Doxa жана «Крым.Реалии» басылмалары дагы бөгөттөлдү. Роскомнадзор Орусиянын Украинага жасаган агрессиясы тууралуу макала үчүн «Википедияны» да жабуу маселесин карап жатат.

Ошондой эле «Роскомсвобода» долбоору YouTube сервисине бөгөт коюлушу мүмкүндүгүн кабарлады. Мындан тышкары, Орусиянын Мамдумасына «орус аскерлеринин аракети тууралуу жалган маалымат» тараткандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган мыйзам долбоору сунушталды.