Сокулук: Сот 16 жаштагы айылдашын зордуктоого айыпталган кишини 18 жылга кести

Чүй облусунун Сокулук райондук соту 16 жаштагы айылдашын зордуктоого шектелген адамды 1-мартта 18 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй облустук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттон экспертиза жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы тастыктаганын кошумчалашты.

Облустук соттун маалыматында, айыпталуучу Жазык кодексинин «Зордуктоо» беренеси менен күнөөлү деп табылды.

Милициянын алдындагы митинг жана аксакалдардын соту

Милиция кызматкерлери 2021-жылдын 5-декабрында 16-жаштагы кызды зордуктоого шектеп Чүй облусунун Сокулук районундагы Исмаил айылынын 32 жаштагы тургунун кармашкан.

Жабырлануучунун атасынын айтымында, таң эрте жумушка чыккан кызын белгисиз адам Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убадалап, жолдон күч колдонуп зордуктап койгон.

Эртеси күнү шектүү кармалгандан кийин Сокулук РИИБнин алдына жабырлануучунун 50гө жакын тууганы менен айылдаштары чогулуп, шектүүгө чара көрүүнү, болбосо аны өздөрү жазалашарын айтып талап кылышкан.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар аксакалдар сотун чогултушкан. Анда айылдаштары шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүрүү талабын коюшкан. Аксакалдар үй-бүлөнүн көчүп кетүүсүнө үч күн убакыт беришкен. 9-декабрда сегиз кишиден турган үй-бүлө айылдан көчүп кеткен, ал эми милиция кызматкери алардын үйүн кайтарып калышкан.

11-мартта Kaktus Media басылмасы, жергиликтүү тургундарга таянып, шектүүнүн туугандары айылга кайтып келишкенин кабарлаган.

Тема боюнча:

Сокулукта зордуктоого шектелген кишинин үй-бүлөсүнө көчүп кетүүгө үч күн убакыт берилди

Сокулукта зордуктоого шектелген кишинин үй-бүлөсү айылдан көчүрүлдү

Сокулукта «зордукталган» кыз: Кыздын атасы жана шектүүнүн жакындары эмне дейт?