Сокулукта «зордукталган» кыз: Кыздын атасы жана шектүүнүн жакындары эмне дейт?

Чүйдүн Сокулук районунда зордукталганы кабарланган 16 жаштагы кыздын атасы Азат Жусуев «Азаттык» үналгысына маек куруп, окуянын чоо-жайын жана кызынын абалын айтып берди.

Жусуевдин айтымында, кызы Исмаил айылында чоң ата жана чоң энесинин колунда чоңойгон. Коллежди аяктап, Бишкектеги ресторандардын биринде ашпозчу болуп иштеп жаткан. Окуя болгон күнү жумушка жетип баруу үчүн таңкы саат 6:00дө үйдөн чыгып кетип кийин эле зомбулукка кабылганы билинген.

«Шаарга жетиш үчүн жолдон өткөн унааларды тосчубуз. Кыздын оюнда жамандык жок эле, “шааргабы” деп унаага түшкөн. Түшкөндө эле “сен каяктансың, мен сени тааныбайт экенмин” деп сөз баштаган. “Орозо чоң атамдын небереси болом” дегенде, “а Азаттын кызысыңбы” деп тааныган. Ошол жерден сайга алып барып, аракет кылган. Колун, тишин сындырган», — деп түшүндүрдү Жусуев.

Жабырлануучунун атасы кызы Бишкектин травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатканын билдирген.

Шектүүнүн жакындары эмне дейт?

Андан сырткары «Азаттыктын» журналисти шектүүнүн үй-бүлөсүнөн да кабар алган. Анда шектүүнүн үй-бүлө мүчөлөрү Аксакалдар кеңешинин чечимин ар түрдүү кабыл алышкан.

Шектүүнүн жубайы балдары кичинекей экенин эске салып, элден балдарын аяп коюну өтүнгөн.

«Нурланды аябасын, балдарымды аяшпайбы… Алардын деле ушундай балдары бар да. Элдикиндей балдарым чоң эмес болсо, кичинекей болсо», — деп ыйлаган келин.

Ал эми шектүүнүн таенеси Сагын Ожурова шектүү «колу менен кылганын мойну менен тартсын» деп, болгону кичинекей балдарына зыян келтирбөөнү суранды.

«Балабыз азыр камакта жатат го, жатмактан өлтүрүп салсын. Биз аны чыгарып алалы деп аткан жокпуз. Ата-энесинде, чычкандай балдарында эмне күнөө? Мына үч күндөн бери энеси эстеп танып өлгөнү жатат», — дейт Ожурова.

Ал эми шектүүнүн атасы Кылыч Сарбагышов Аксакалдар сотунун чечимине каршы эместигин билдирип, «эл мененмин» деп айткан.

«Балам өз күнөөсүн өзү тартсын. Бирок менен эл мененмин. Эл кандай каалап, кандай чечим кылса ошого макулмун», — деген Сарбагышов.

Окуя кандай болгон?

5-декабрда 16 жаштагы кыздын атасы Сокулук райондук милициясына арыз менен кайрылган. Өз арызында ата таң эрте жашы жете элек кызын белгисиз адам Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убадалап, жолдон күч колдонуп зордуктап койгонун билдирген.

Милиция факты боюнча «Зордуктоо» беренеси менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүш ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошол эле күнү 31 жаштагы кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмышка шектүү кармалган күнү райондук милициянын имаратынын алдына жабырлануучунун 50гө жакын тууганы менен айылдаштары чогулган. Алар шектүүнү камап, чара көрүүнү талап кылышкан.

Ал эми 7-декабрда жабыркаган кыздын жакын туугандары, райондун акими Курманбек Айтибаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имам, жергиликтүү депутаттар, айыл тургундары жана Аксакалдар соту чогулуп жыйын өткөргөн.

Айыл тургундары шектүү буга чейин «эки кызды зордуктаганын», бирок, «укук коргоо органдарына акча берип, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткенин» айтып шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүрүү талабын коюшкан.

Натыйжада Аксакалдар соту чечим чыгарып, шектүүнүн үй-бүлөсүнө айылдан көчүп кетүү үчүн үч күн убакыт беришкен.