Ала-Бука: Кен казуучу компанияны карактоого шектелген кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү кармалды

Ала-Бука районунда алтын карактоого шектелип, издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 17-мартта Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, издөөдө жүргөн 28 жаштагы шектүү 16-март күнү Жалал-Абад облусунун аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү жана анын шериктери 2021-жылы 8-ноябрга караган түнү алдын ала даярдалган таяк жана тапанча менен Ала-Букадагы кен казуучу ишканалардын бирин карактап кетишкен. Кылмыштуу топ ишкананын кызматкерлерин сабап, кароолчулардын бирөөсүнө ок чыгарышкан.

«[Шектүүлөр] кен казган ишкананын бөлмөсүндөгү темир сейфте сакталган салмагы 1 кг 833 гр алтынды тартып алышкан», — деп айтылат Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматында.

Андан соң алар ишкананын короосунда токтоп турган Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү автоунаанын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарып, фараларын талкалашкан. Өздөрү жанында токтоп турган Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү автоунааны айдап, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен

Милициядан кылмыштуу топтун аракеттеринен улам компания жалпысынан 10 млн сомдон ашык зыян тартканын белгилешти.

Аталган факты боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, үстүбүздөгү жылдын 27-январында 26, 27 жана 30 жаштардагы үч киши кармалып, эки айга камакка алынган болчу.

Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы

2021-жылдын октябрь айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Ала-Бука районундагы кызматкерлерине алтын кен казган ишкерлерди уюшкан кылмыштуу топтордон коргоо боюнча тапшырма берген.

Ташиев «кайсы бир аймакта уюшкан кылмыштуулук күчөсө бул — чекисттердин жакшы иштебегенинен кабар берет» деп билдирген.

Ала-Бука районунда эң чоң делген «Иштамберди» алтын кени бар. Геология кызматынын маалыматы боюнча, аталган кенде 19 тонна алтын бар. Бирок жергиликтүү тургундар бул маалыматка ишенбей, кенде 80 тоннага жакын алтын бар деп эсептешет.

Кенди Кытайлык Full Gold Mining компаниясы казат. Жергиликтүү тургундар үч жыл мурда кенден чыккан зыяндуу химиялык заттар алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын айтып, «Иштамбердини» жабууну талап кылышкан.