Ала-Бука: Ташиев алтын кендердин кызматкерлерин УКТдан коргоону тапшырды

Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине аймактагы алтын кендеринин ишчилерин уюшкан кылмыштуу топтордон коргоону буюрду.

Мындай тапшырманы Ташиев кол астындагыларга атайын кызматтын аймактагы жаңы имаратынын ачылышында берди. Ал «кайсы бир аймакта уюшкан кылмыштуулук күчөсө бул — чекисттердин жакшы иштебегенинен кабар берет» дейт.

«Ала-Букада көптөгөн тоо-кен өндүрүшү, алтын кендер бар. Ал жакта көптөгөн кызматкерлер иштейт. Мына ошолорго карата кайсы-бир уюшкан кылмыштуу топтор зордук-зомбулугун көрсөтпөшү керек. Себеби ушуга чейин мындай окуялар катталып келген. Мындан ары андай болбош керек», — деди ал.

Ошондой эле Ташиев Ала-Букада эле эмес өлкө боюнча УКТга каршы күрөштү күчөтүү керек экенин белгиледи.

Ала-Бука районунда эң чоң делген «Иштамберди» алтын кени бар. Геология кызматынын маалыматы боюнча, аталган кенде 19 тонна алтын бар Бирок жергиликтүү тургундар бул маалыматка ишенбей, кенде 80 тоннага жакын алтын бар деп эсептешет.


Кенди Кытайлык Full Gold Mining компаниясы казат. Жергиликтүү тургундар үч жыл мурда кенден чыккан зыяндуу химиялык заттар алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын айтып, «Иштамбердини» жабууну талап кылышкан.