Тенгиз Бөлтүрүк Centerra Gold менен эки келишимге кол коёт

Министрлер кабинети «Кумтор Голд Компани» ЖАКтын убактылуу сырттан башкаруучусу — «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүккө Кумтөр алтын кени боюнча эки келишимге кол коюу ыйгарым укугун берди. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бөлтүрүк төмөнкү документтерге кол коёт:

  • Кыргызстан менен канадалык Centerra Gold компаниясынын ортосундагы ич ара даттанууларды дүйнөлүк жөнгө салуу келишими;
  • Рекультативация боюнча трасттык келишимдердин мөөнөтүн токтотуу боюнча акт.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелдеги кайрылуусунда «Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын» жарыялаган. Бул Кыргызстан Канаданын «Центерра Голд Инк» компаниясы менен «ажырашканын» айгинелейт.

Centerra Gold өзүнүн «туундуу» компаниясы «Кумтөр Голд Компани» аркылуу Борбор Азиядагы ири кен деп эсептелген Кумтөрдү иштетип келген. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылып келген жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелчү.

17-майда кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизип, Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган. Ага чейин Бишкектин Октябрь райондук соту «Центерраны» Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды мыйзамсыз төккөнү үчүн мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кийин Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамкомиссия «Центеррадан» экологиялык зыян үчүн буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Канадалык компания кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген болчу.