17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитети талкууда «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясын колдогон жок.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси — президент Садыр Жапаров. Долбоор жыйындын күн тартибине сегизинчи болуп кирген, бирок Жапаровдун «чукул карап берүү» өтүнүчү менен биринчи болуп каралды.
Комитеттин жыйынында мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу тобунун жетекчиси, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев негизги баяндаманы жасап, «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам «башка мамлекеттерде жок, өзгөчө мыйзам экенин» белгиди.
«Кыргыз элинин тархындагы байыртадан келе жаткан, эл менен бийликтин ортосундагы мамилени түзүп турган көпүрө. Эл менен бийликтин ортосунда ар кандай мамилелер чыгып калганда курултай өткөрүп, маселелерин чечип алышкан. Бул кыргыздар үчүн жаңы нерсе эмес, ата-бабабыздан бери келаткан нерсе», — деп түшүндүрдү Абыкеев.
Талкууда эл өкүлү Гуля Кожокулова бул мыйзам жергиликтүү кеңештерди жокко чыгарышы мүмкүн деген пикирин билдирип, мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн элдик курултайдын укуктарын окуп берди.
Анын суроосуна мыйзамды иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү Курманбек Осмонов жооп берип, курултай институту жаңы экенин жана учурдагы мыйзамга эч кандай каршы келчү жагдайлары жок экенин билдирди. Анын айтымында, курултай кеңеш берүүчү орган болот.
Ал эми депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы болуп, курултайга кандайдыр бир ыйгарым укуктарды берүү максатка ылайыктуубу деген суроо койду.
«Конституцияда жазылып калгандан кийин “Элдик курултай” өтсүн. Келип, президенттин кайрылуусун уксун дагы, үйлөрүнө тарап кетсин, болду. Башка укукту ким берди буларга? Бир шайлоого катышып добуш албагандан кийин. [...] Бул мыйзам кабыл алынса Жогорку Кеңеш тарап кетишибиз керек», — деди Акаев.
Депутаттар мыйзам долбоорун карап, элдик курултайдын укук жана милдеттерин талдап чыккан соң комитет төрагасы Медербек Алиев добуш берүүгө койду.
«Каллегалар, туура көрсөңүздөр, комитетте долбоордун концепциясын кабыл алалы. Калган оңдоп-түзөтүүлөрдү экинчи-үчүнчү окууда айталы», — деп Алиев президенттин демилгесин колдоп берүүгө чакырды.
Парламентарийлер конституцилык мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп беришкен жок. «Макул» деген добушту бир гана төрт депутат берди. Алар: Медербек Алиев, Замирбек Мамасадыков, Дастанбек Жумабеков жана Мейкинбек Абдалиев бар.
«Элдик курултай» институту
2021-жылдын 5-майында ишке кирген жаңы Конституцияга «Элдик курултай» институту киргизилген. Курултайды кайтарууну президент Садыр Жапаров өзү сунуштаган. Жапаров курултай институту коомдук башталыштагы орган болуп, мамлекеттик органдардан отчёт угат деп белгилеген.
Кийинчерээк эл аралык «Аль-Жазира» телеканалына курган маегинде президент курултай президент жана парламент жылына бир жолу отчёт берип турган орган болорун айткан. Ошол эле учурда Жапаров курултай алардын ишин канааттандырарлык деп эсптебесе, аларды кызматтан кетире аларын кошумчалаган.
«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү жамаатык жана элдик курултайлар болору жазылган.
Аны менен катар, документте жергиликтүү жамааттык курултай, айыл аймактар, шаарлар, райондор, облустар, Бишкек жана Ош шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн курултайын уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржыланары айтылган.
Жергиликтүү жамааттын курултайын өткөрүү жана колдоо көрсөтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жүктөлгөн.
Ал эми элдик курултайды өткөрүү мамлекеттик бюджеттен каржыланат жана президенттик аппарат колдоо көрсөтөт.
Ошондой эле элдик курултай өз алдынча мыйзам долбоорлорун демилгелөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Азыр мыйзам долбоорун демилгелөө укугуна президент, парламент жана министрлер кабинети ээ.