Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясында сунушталып жаткан Элдик курултай институту коомдук башталыштагы орган болорун «7-каналга» берген маегинде айтты.
Ал ошондой эле, бул орган жылына бир жолу чогулуп, бир гана президент менен парламенттин отчётун укпастан, Башкы прокуратура менен Эсеп палатасынын дагы отчётторун уга турганын айтты. Андан сырткары Элдик курултайга аймактардан кеминде 2-3 миң киши келерин кошумчалады. Жапаров курултайдын делегаттары ар бир айылдан келерин, же айыл өкмөттөн келерин мыйзам жазылганда аныктап көрсөтүлөрүн белгиледи.
«Азыр түшүнүгү жок жаш балдар, же аларды адаштырып койгондор “парламент турса курултайдын эмне кереги бар” деп айтып жатышат […] Андай болбойт. Курултайдын мыйзам чыгарганга, сунуштаганга укугу жок. Алар жөн гана жылына өлкөнүн бардык аймактарынан чогулуп келип отчёт угат. Бул мамлекеттен акча албайт, коомдук башталышта иштей турган орган болот», — деди ал.
Ошол эле учурду курултайга келе турчуларды айылдын эли шайлап, алардын кеткен чыгымдарын айыл өкмөттөрү көтөрөрүн айтты.
«Элдик курултайга бир ай калганда ага катыша турчулардын тизмесин берүү керек. Бул делегаттарды алып келүүнү айыл өкмөттөрү камсыздайт», — деди ал.
Жапаров Конституциянын жаңы долбоорунун автору болбогонун билдирди. Анткен менен ал Элдик курултай органын жана премьердин укуктарын президентке өткөрүүнү сунуштаганын тастыктады.
Буга чейин 2010-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиев Курултай түзүү демилесин көтөргөн. Бирок бул сунуш ишке ашкан эмес. Анткени Бакиевдин бийлиги кулатылып, ал Беларуска качууга аргасыз болгон.
Эсти чыгарган Элдик курултай
Бир катар юристтер, депутаттар жана саясатчылар Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы Элдик курултай институту көп суроо жарата турганын айтышкан. Себеби, ага катыша турчу делегаттардын кандай жол менен тандалып алынары, алар кандай иштерди аткарары так жазылбаганын белгилешкен. Эң башчысы бул орган парламенттин ролун кайталап калып жатканын айтып, парламентаризмге зыян келтириши ыктымалдыгын билдиришкен.
Ал эми Конституцияны жаңы долбоорунда Элдик курултай кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу жогорку орган болору жазылган.
Коомчулукта Баш мыйзамдын жаңы долбоору «Ханституция» деген атка конуп, бир катар саясатчылар, жарандык коом аны кескин сынга алышты. Алардын арасында экс-президент Роза Отунбаева, экс-депутат Садык Шер-Нияз, депутаттар Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, саясатчы Адахан Мадумаров, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова жана саясатчы Фелик Кулов да бар.
22-ноябрда жарандык активисттер Бишкекте «Ханституцияга жок дейбиз!», «Баш мыйзам үчүн!» аттуу тынчтык маршын өткөрүштү. Нааразычылык акциясынын катышуучулары бийликти узурпациялоого жана мыйзамсыздыкка каршы экенин айтышкан.
Парламенттин 80 депутаты 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга койду. Ал боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо дайындалган күнү өткөрүү сунушталууда.
Учурда Конституциянын жаңы жолбоорун Конституциялык кеңешме карап жатат. Ага 90го жакын киши кирген. Арасында юристтер, юридика илимдеринин докторлору, коомдук активисттер бар. Бирок сунушталган Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы пикир билдирип чыккандар дээрлик жок.
ТЕМА БОЮНЧА